Ташиевдин видеосу: Ыр саптар мурдагы «саткын» үзөңгүлөштөрүнө арналган

Эмне болду?

Жакында эле социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев суу жээгинде туруп, кадр артында саткынчылык тууралуу ыр саптары окулган видео таркай баштаган.

«Мага жалган айткандарды абдан жаман көрөм. Көзүңө — бирди [айтып], артыңан — күлүшөт. Күлүп туруп сатып кеткендерди [жаман көрөм]. Өздөрү болсо алыс кетпей тайбастыкка ант беришет», — деп айтат кадр артындагы үн.

Ташиев тартылган видео УКМКнын башчысына арналган телеграм-каналга чыгарылган. Бирок видео популярдуу болуп кеткенден кийин кайра өчүрүп коюшкан.

Ташиевдин үзөңгүлөштөрү эмне дейт?

Видео өчүрүлгөнгө чейин колдонуучуларда видео эмне максатта тартылып, кимге даректелген деген суроолор жаралган. Көбүндө кеп Ташиевдин жакынкы үзөңгүлөшү — президент Садыр Жапаров тууралуу болуп жатат деген шектенүүлөр жаралган.

Бирок бир нече күндөн кийин «Регион ТВ»* телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов видеодогу сөздөр «байлык, бийлик артынан кууп, бийликтин колтугуна кирип», УКМК башчысынын мурдагы «саткын» үзөңгүлөштөрүнө арналганын билдирген.

«Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды», — деп жазган Рахманов.

Рахманов видеодогу сөздөр так кесе кимге арналганын тактап айткан эмес, бирок «видеону кара пиарга колдонуудан майнап чыкпайт» деп кошумчалаган.

Рахманов «Клооптун» журналистине курган маегинде видео 2020-жылдын сентябрында, октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдында тартылганын айтып берди. Рахманов шайлоо кампаниясы учурунда «Мекенчил» партиясынын командасында иштегендиктен, ролик тууралуу маалыматы бар. Ал шайлоодо Ташиев мекенчилдер тизмесинин сап башында болчу.

«Бул ролик [Ташиев үчүн] оор күндөрдө тартылган, бирок жайылтылган эмес», — деп айтып берди Рахманов.

Рахмановдон сырткары, роликтин чоо-жайын жарандык активист Мукай Керимбаев айтып берди. Анын айтымында, кадр сыртындагы үн Галина Головань аттуу автордун «Я очень не люблю [Абдан жаман көрөм]» деген чыгармасын окуган.

*Ал эми «Регион» Юстиция министрлигинин базасында «АРТВ телерадиокомпаниясы» деп катталган — алгач анын башкы директору болуп «Мекенчилдин» мурдагы талапкери Рамиз Каимов көрсөтүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө «Регионду» Эрали Маматов жетектейт.

«Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу болгонун тастыктаган.