Ош мэриясы: Түрк компаниясы калаага таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп берет

Сүрөт: Ош мэриясы

Түркиянын Biotrend Energy компаниясы Ош шаарына таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү ошол кезде Оштун мэринин милдетин аткарган, учурдагы калаа башчы Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдын экономика жана энергетика боюнча вице-премьер министри Эрхан Арыклы жана Biotrend Energy компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган делегация менен жолуккан.

Жолугушууда Ош шаарына инвестицияларды тартуу жана эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болгон. Ошондой эле Biotrend Energy компаниясынын адистери Ош шаарындагы таштанды полигонун жеринен көрүп келишкен.

Жыйынтыгында Мамбетов жана компания президенти Илхан Доган «Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Эми компания бир айдын ичинде курула турчу заводдун долбоорун көрсөтүп, анын технико-экономикалык негиздөөсүн иштеп чыгышы керек. Андан сырткары долбоорду каржы менен камсыздап, даярдык көрүү, долбордоо, курулуш жүргүзүү жана ишке берүү процесстерин ишке ашырышы керек.

«Дагы бир жолу сиз менен жана сиздин командаңыз менен жолугушуп отурганыма ыраазычылыгымды билдирем. Ош мэриясы Түркия мамлекети менен мындан ары да кызматташууга үмүт артабыз», — деди Мамбетов жолугушуунун аягында.

Сүрөт: Ош мэриясы

Ушул эле компания 23-августта Бишкек ошол кезде мэрдин милдетин аткарган, учурдагы калаа башчы Айбек Жунушалиев жана Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов менен да жолуккан. Бишкек шаарына да Оштогудай эле таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалды.

Анткен менен таштандыны кайра иштетүүчү завод кантип иштери белгисиз. Себеби Ош шаарындагы таштанды талаасына акыр-чикирлер иргелбей, баары бир жерге төгүлөт. Калаада таштандыларды иргеп салчу үкөктөр да жок.

Оштун таштанды талаасы, 2018-жыл. Сүрөт: Нуртаза Абдиев, Kloop үчүн.

Курулушу эч эле башталбаган Оштун таштанды талаасы

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) 2012-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына дээрлик 11 млн евро бөлгөн. Анын 6,5 млн сому полигон курууга жумшалмак. Каражаттын жарымы насыя, жарымы кредит катары берилген.

Бирок таштанды полигонун курууга тендер тогуз жылдан бери жарыялана элек. Буга шаар бийлиги полигон курууга жер таппай койгону себеп болгон. Калаанын өзүндө ылайыктуу жер болбогон эмес, коңшу райондор тилке бөлүп берүүдөн баш тартышкан.

2018-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы таштанды талааны эскисинин жанына курууну чечкен. Анткен менен арадан үч жыл өтсө да полигондун курулушу баштала элек.

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат, 23 гектары бош турат. Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Аталган полигондон бир чакырым алыстыкта Жапалак айыл аймагы жайгашкан. Жергиликтүү тургундар полигондон улам айлана-чөйрөнүн бузулганына жана ден соолуктарынын начарлашына арызданып келишет.

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда тургундар катуу ысыктан өрттөнүп жаткан таштандынын түтүнү айылды каптап жатканына даттанып, нааразычылык акциясына чогулушкан.

Алар өрт бир жумадан бери өчпөгөндүктөн оору жугузуп алуудан кооптонуп жатышканын айтышкан. Мындан улам таштанды талаасын башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан.

Анда «Ош-Тазалыкты» жетектеп турган Нурбек Исмаилов жаңы полигондун курулушу 2021-жылдын аягында башталат деп убадалаган. Бирок убаданын артынан убада берген Исмаилов бийликчил делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шаардык кеңешке депутат болду.

Дагы окуңуз: Ош шаарына жаңы таштанды талаа эмне үчүн курулбай жатат? Түшүндүрөбүз

Biotrend Energy жөнүндө

Biotrend Energy — Doğanlar Holding компаниясынын туунду компаниясы. Мэриядан билдиришкендей, ал 2017-жылы түзүлгөн, учурда иштеп жаткан 13 заводу бар.

Ал эми Doğanlar Holding 1980-жылы Түркияда түптөлгөн. Компания өзүнүн туунду компаниялары аркылуу таштандыларды иштетүүгө, Түркиянын аймагындагы көмүр соодасына жана жылуулук өндүрүүгө инвестиция салат. Ошондой эле туунду компанияларына жана бизнес-өнөктөштөрүнө өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет.