«Ак кеме» повестинин негизинде тартылган «Шамбала» тасмасынын бет ачары болду

26-августта Бишкектин «Манас» кинотеатрында режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын улуттук бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Ошол эле жылы Шанхай эл аралык кинофестивалында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон.

Бет ачарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият министри Кайрат Иманалиев жана чыгармачыл топ катышты.

Жылдыз Бакашова «Шамбала» тасмасы режиссёрдун көп жылдык тажрыйбасынын жемиши экенин белгиледи.

«Бул тасмада адамдын аруулугу, тазалыгы тууралуу сөз козголуп, Айтматов агабыздын берейин деген ою дагы бир кырынан чагылдырылды. Тасма режиссердун көп жылдык тажрыйбасынын жемиши, балким Артыкпай Сүйүндүков “Шамбаладагы” баладай кезинде кыялданып, ушул тасманы жаратайын десе керек. Ошол кыялы ишке ашып отурат», — деди Бакашова тасманын ачылыш аземинде.

Ал эми тасманын режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Артыкпай Сүйүндүков тасманы тартууга Чыңгыз Айтматовдон уруксаат алып, жазуучу батасын бергенин билдирди.

«Бул тасманы тартуу үчүн Айтматов агабыздын көзү тирүү кезинде уруксаатын алып, аны менен талкуулап, сүйлөшкөнбүз. Ошондо тасманы башкача көз караш менен тартаарымды түшүндүргөм. Тасманы тартууга жазуучу батасын берген», — деп билдирди Сүйүндүков.

Оператор Болсунбек Таалайбек фейсбук баракчасында тасма тууралуу пикири менен бөлүшүп, режиссёр бир дагы бир "тиричилик" менен майдаланбастан, олуттуу жерлерине басым жасаптыр деп белгиледи. Ошондой эле «баланын биздин жашообузга кылган каршылыгы (протест), анын кылган иштери бизди кичине болсо да ойгонуп койгулачы дегенсийт» дейт.

«Буга чейин көпчүлүк адамдар тасма “Ак кемедей боло алабы?" деп бушайман болчу эле. “АК кеме” тасмасы өзүнөн кийин чоң чек (барьер) коюп кеткен: “мендей бол же менден кем болбо” дегендей. Бардыгы ошол чекке жетээр бекен деп тымызын күтүп жүрүшкөн. Бирок ал чыгармачыл адамга эч нерсени туюндурбайт экен. Артык агай көп жылдан бери ойлонуп жүрөм дечү, анысы чындап акталыптыр. Баланын азыркы турмуштагы орду, анын кыялы, максаты менен айлана чөйрөнүн дал келбей турганы аябай сонун чагылдырылыптыр. Агай чындап эле бийик адам экен деп калдым», — деп жазган Болсунбек Таалайбек.

1974-1975-жылдары жазуучу Чынгыз Айтматовдун повестинин негизинде Болот Шамшиев «Ак кеме» тасмасын тартып, примьерасы 1976-жылы 22-ноябрда Москва шаарында болгон. Тасма Фрунзе шаарында өткөн IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Сүйүндүковдун тасмасы 2020-жылдын «Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильми» наамына татып, Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңип алган.

Тема боюнча:

Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңди