Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын «Ника» киносыйлыгын жеңди

Москва шаарында 25-апрелде бүткүл орусиялык кинемотографиялык «Ника» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда кыргыз режиссёру Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильми 2020-жылдын «Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильми» сыйлыгын жеңип алды.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган.

«Ника» киносыйлыгы жыл сайын Орусиянын кинематография көркөм өнөр академиясы тарабынан ыйгарылат. Ал КМШ өлкөлөрүндө эң абройлуу сыйлыктардын бири.