Айдоочунун өлүмүнө байланыштуу дагы үч патрулдук милиционер кармалды

Бишкекте патрулдук милиционердин огунан каза болгон 32 жаштагы айдоочунун өлүмүнө байланыштуу үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору жана дагы бир кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. УКМКнын тергөө абагына убактылуу киргизилген.

Атайын кызмат билдиргендей, кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

Милициянын версиясы

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде 27-августта патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы айдоочуга ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен. Ошол маалда инспектор куралын алып чыгып айдоочуну көкүрөк аймагына аткан.

Бишкек ШИИББи тараткан алгачкы пресс-релизде, «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп маалымдалган. Ошол эле учурда Тез жардам бригадасы жабырлануучуга «биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзгөн, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгону» айтылат.

Жеринен кароо жүргүзүү учурунда мечиттин батыш тарабында унаа жүрүүчү бөлүгүндө, асфальттын бетинде бир даана гильза, кара күрөң түстөгү заттын издери жана кара күрөң түстөгү тампон табылган.

Ошол эле күнү кечинде маркумдун достору видео кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, маркум «инспекторлорго каршылык көрсөткөн эмес» жана «милиционердин куралын тартып алууга аракеттенбеген».

Ал эми маркумдун сүйлөшкөн кызы да коомчулукка кайрылып, жигитин күнөөлөбөөнү суранган. Анын айтымында, окуя анын көз алдында болгон. Маркум менен инспектор жөн гана кайым айтыша кеткенден кийин милиция кызматкери ага ок чыгарганын айтып берген. Ошондой эле ал милционерлер Тез жардам кызматын дароо чакырбай, маркум өзүнө келбей, муздап калганда көңүл бурушканын айтат.

Аталган окуяны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштаганы кабарлаган. Бирок кийинчээрек бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ок чыгарган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.