Бишкекте патрулдук милиционердин огунан айдоочу каза тапты

27-августта Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы айдоочуга ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен.

«[Айдоочу] патрулдук милициянын кенже инспекторуна басым жасай баштаган. Кийинчерээк ал чагым жасап, инспекторду ур-токмок менен коркуткан. Милиционердин мыйзамдуу талаптарын аткарбай, чыр учурунда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза тапты», — деп билдиришти шаардык милициядан.

Окуя болгон жерге Ички иштер министрлиги, Бишкек ШИИБ жана Свердлов райондук прокуратурасынын жетекчилиги барды. Ал эми ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштаганы кабарланды.

Учурда бул факты боюнча «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ок чыгарган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал арада маркумдун достору видео кайрылуу жасашып, айдоочу «инспекторлорго каршылык көрсөтпөгөнүн» жана «милиционердин куралын тартып алууга аракеттенбегенин» билдиришти. Ошондой эле алар маркумдун апасы жалгыз баласын жоготконун белгилешти.

«Патрулдук милициянын төрт кызматкери болчу, алар ар бир [айдоочуну кармап кетүүгө күчү жеткен]. Биздин досубуз өтө деле чоң эмес, агрессия көрсөткөндөй машыгып жүргөн эмес. Эгерде кандайдыр бир олуттуу себептер болгондо алар төртөө аны жөн эле кармап кетишсе болмок. Табелдик тапанчаны колдонуп, аны өлтүрүүнүн кажети бар беле? Биз жол эрежелерди бузсак көргө жатып калышыбыз керекпи? Биз буга макул эмеспиз», — деп билдиришти чогулгандар.