Баткен облусунда «Раззаков» көмөкчү чордону ишке кирди

Сүрөт: Султан Досалиев. 

Баткен облусунун Лейлек районунда «Раззаков» көмөкчү чордону ишке киргизилди. Ошондой эле «Раззаков-Арка» электр кубатын берүүчү линиясынын курулушу аяктап, «Арка» көмөкчү чордонун реконструкциялоо иштери жыйынтыкталды. Электр кубатын берүүчү жаңы линиянын узундугу 51 километр.

«Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот», — деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Сүрөт: Султан Досалиев. 

Мамлекет башчысы Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келиши «жашоого ынгайсыздык жаратканын» айтты.

«Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым болду», — деди Жапаров

Баткен облусунда энергетикалык көз карандысыздыкты мамлекет жалгыз өзү камсыздаган жок —президент өз сөзүндө белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы чоң долбоорду ишке ашырууга жардам берди.

Жарыгы өчпөй жанып турсун

Жазы-Кечүүдө электр жарыгын туташтыруу. Сүрөт: Улуттук энергохолдинг. 

Кыргызстандын бардык эле аймактары жеткиликтүү деңгээлде электр жарыгы менен камсыз болгон эмес. Ошондой эле, өлкөдө бир нече жылдан бери энергетикалык кризис өкүм сүрүүдө. Айрым шарты катаал аймактарга электр жарыгы жете элек.

Жетүүгө кыйын болгон Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылы 2020-жылдын сентябрь айында гана электр жарыгына кошулган. Тоолор менен курчалган, электр жарыгы жок айылда 150 түтүн жашап келген.

Тоолуу айылды электр жарыгы менен камсыздоо аракети 1993-жылы башталып, 2020-жылы гана ишке ашырылган. Улуттукэнерго 2020-жылдын сентябрь айында өлкөдө электр жарыгы жете элек бери дегенде төрт айыл бар экенин айткан — ал айылдарга линия тартып баруу керек.

2020-жылы Баткендин Зардалы айылын электр энергиясы менен камсыздоо пландаштырылган, бирок Улуттукэнерго бул пландын аткарылганы тууралуу маалымат бере элек.