COVID-19: Алты киши каза болду, 152 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 30-августта өлкөдө коронавирустун 152 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 67;

Ысык-Көл облусунда — 43;

Чүй облусунда — 19;

Баткен облусунда — 12;

Жалал-Абад облусунда — 6;

Талас облусунда — 4;

Ош шаарында — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 300 бейтап айыгып, алты киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 175 589 жетти. Оорудан 169 417 бейтап айыгып, 2 524 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 136 бейтап ооруканаларда, 1 071 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.