ЛГБТ адамдар тууралуу баяндаган подкаст жарык көрдү

Иллюстративдик сүрөт Автору: PAU BARRENA / AFP

Ош шаарындагы активист Маматказы Расул уулу бир жылдан бери подкасттарды жасап угармандарга тартуулап келет. Жакында эле Расул уулунун ЛГБТ (лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр) тууралуу подкасты жарык көрдү.

Ал үч чыгарылыштан туруп, алгач психолог ЛГБТ коомунун мүчөлөрүн кантип кабыл алуу керектиги жана аларга кандай мамиле жасоо тууралуу кеңештерин берет. Экинчи чыгарылышта ЛГБТнын мүчөлөрү башынан өткөн кыйынчылыктары тууралуу баяндашат. Эң акыркы эпизоддо активист Мира Токушева өз ориентациясын кантип билгенин жана кыйын учурдарда кайда кайрылууга болоорун айтып берет.

«Мен подкасттарды социалдык маанилүү темаларга жасаганга кызыгам. Балким кээде менин подкасттарым зээригичтүү болушу мүмкүн, анткени менде тажрыйба азыраак да. Бирок мен адам укуктары тебеленген учурларды, айтылбай турчу, бирок маанилүү темаларды көтөрүп келем. Мисалы, ЛГБТ коомунун мүчөлөрү ээн-эркин жашай алышпайт. Анткени көпчүлүк аларды түшүнбөйт, аларга ар кандай коркутуулар түшүп турат. Ошондуктан аталган подкаст аркылуу адамдарга ЛГБТ коомунун мүчөсү болуу уят эместигин, алар коомубуздун бир бөлүгү экенин айтып жеткиргим келди», — деп түшүндүрдү ал.

Активисттин айтымында, подкастты даярдоо маалында каармандарды табуу жана аларды интервьюга көндүрүү кыйын болгон. Анткени бир гана ЛГБТ адамдар эмес жана дагы алар менен иштешкен юристтер, укук коргоочулар да коомчулукка чыгуудан айбыгышат.

Эгерде сиз подкастты угууну кааласаңыз анда төмөнкү шилтемеге өтүңүз:

Маматказы Расул уулунун алгачкы подкасты «Чүүш, уялба!» деп аталып, анда жыныстык таалим-тарбия, сексуалдык билим жөнүндө баяндалган. Анткени кыргыз коомчулугунда аталган тема ачык талкууланбайт. Өспүрүм курактагылар болсо маалыматты көбүнчө жакындарынан эмес, досторунан же болбосо интернеттен алууга аргасыз. Ал эми подкастта адистер жыныстык органдарга кам көрүүгө, үй-бүлөнү пландоого, укуктарды билип, коргонууга жана коомчулуктагы стереотиптерди сындырууга үйрөтөт.

Тема: Кыргызстанда аялдарды, майыптарды, ЛГБТИни басмырлоо кадимки көрүнүш — Amnesty Internationalдын баяндамасы