Amnesty International эл аралык укук коргоочу уюму Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу ар жылдык баяндамасын жарыялады.
Укук коргоочулардын баяндамасында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда адам укуктары тармагындагы эң негизги көйгөйлөр — бул аялдарды, майып адамдарды, ЛГБТИни, этникалык азчылыктарды басмырлоо. Мындан тышкары, милициянын кыйноолору тууралуу маселе да курч бойдон калууда.
Аялдарга карата зомбулук
Amnesty International эрте жана мажбурлап никеге тургузуу, анын ичинде кыз ала качуу бүгүнкү күнгө чейин жоюлбай жатканын билдирет.
Алар Кыргызстандын Улуттук статистика комитетине таянып билдиришкендей, 15-19 жаштагы ар бир он биринчи кыз күйөөгө тийип чыккан. Ошондой эле, ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 24 жашка чейинки кыздардын 13 пайызын күйөөгө тийүүгө мажбур кылышкан.
Мындан тышкары, 2019-жылдын биринчи жарымында милиция кыз ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш ишин козгогон. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу өскөн.
Ошол эле маалда кыз ала качуу үчүн күчөтүлгөн жаза күчүнө кирген. Эми бул кылмыш үчүн 10 жылга эркиндиктен ажыратуу жана 3 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгуу чарасы каралган.
Укук коргоочулар Кыргызстанда милиция үй-бүлөдөгү зомбулукка реакция кылбайт деп эсептейт. Уюм Оштун Айзат Чиртекова аттуу туругуну кабылган окуяны мисал келтирет. Ал күйөөсүнүн зордук-зомбулугунан улам 2018-жылдын август айында жет айлык ымыркайы менен төртүнчү кабаттан өзүн таштап жиберген.
Укук коргоо органдары корук кат берген эмес жана кылмыш ишин козгобой коюшкан. Бул окуяга чейин бир ай мурда, күйөөсү аны катуу сабап, муунтууга аракет кылып, велосипед менен ургандан кийин ал Оштогу үйүнөн кетип калган.
«Айзат Чиртековага бала өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн кылмыш иши козголгону менен укук коргоо органдары анын күйөөсү тараптан болуп аткан зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү иликтеп башташкан жок. Мартта Ош прокуратурасы анын күйөөсүнө карата кылмыш ишин козгоодон кайрадан баш тартты. Декабрда ал адам өлтүрүүгө кол салуу үчүн 11 жылга кесилди», — деп айтылат баяндамада.
Майып адамдардын укугу
Майып адамдардын укуктары тууралуу конвенция ратификацияланганы менен Кыргызстанда алар эмдигиче коомго интеграциялана элек. Мектеп, маморган, оорукана жана транспорт сыяктуу коомдук жайларда майыптар үчүн инфраструктура дагы деле жеткиликтүү эмес.
Amnesty Internationalдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда психиатриялык жардам мурдагыдай эле «тар жана эскирген биомедициналык жардамдын» арты менен көрсөтүлөт.
Жарандык кодексте жаранды, эгер ал «өзүнүн психикалык оорусунан улам өз аракеттерин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса» аны аракетке жараксыз деп таанып, ага камкорчу дайындоого мүмкүндүк бере турган ченем бар. Бул мыйзам алдында теңдикти кепилдеген Майып адамдардын укуктары тууралуу конвенциясын бузуу.
«Amnesty Internationalдын өкүлдөрү Токмоктогу эркек кишилердин психоневрологиялык үй интернатына барышканда, аларга 2017-жылы бир эле күн ичинде 67 бейтап аракетке жараксыз деп табылганын айтышкан», — деп жазылган отчётто.
Лесбиянка, гей, биссексуал жана трансгендер адамдар менен интерсекстин укуктары
«Кыргызстандын конституциясы жарандарды ар кандай белгилер боюнча басмырлоодон каргойт, бирок сексуалдык багыт жана гендердик иденттүүлүк башка белгилердин арасында түздөн-түз айтылбайт. Башка бир мыйзам актыларынын биринде да сексуалдык багыт жана гендердик иденттүүлүк себеби боюнча басмырлоо түздөн-түз эскерилген эмес», — деп билдирет уюм.
Буга байланыштуу Amnesty International 2019-жылдын 1-майында феминисттик жана «8/365» ЛГБТИ кыймылы тарабынан уюштурулган чакан майрамдык иш-чараны мисал катары келтирген. Ал күнү аталган иш чара «20дан ашуун жаш жигиттер, анын ичинде бир нече белгилүү улутчулдар» тарабынан үзгүлтүккө учуратылган.
«Ал жерде жүргөн милиция кызматкерлери киилигишпей коюшкан. Окуядан кийин “8/365” кыймылындагы иш-чаранын уюштуруучулары кол салгандардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан, бирок [2019-жылдын] аягына карата иликтөө аягына чыга элек», — деп белгиленген баяндамада.
Кыйноо жана башка ырайымсыз мамиленин түрлөрү
Amnesty International билдиргендей, коммерциялык эмес уюмдар дагы деле кыйноолор жана дагы башка ырайымсыз мамилелер тууралуу, анын ичинде этноско байланыштуу да билдирүүлөрдү алып жатышат.
«[2019-жылдын] 20-ноябрында Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери этникалык өзбекти кармап, эки мобилдик телефонду уурдоону моюнуна алдыруу үчүн сабашкан деп айтылат», — деп окуяны мисал келтирет укук коргоочу уюм.
Анын маалыматы боюнча, ал милиция кызматкери автоунааны тосуп, аны себепсиз кетирбей кармап туруп алган учурда «Позитивный диалог» укук коргоо уюмунун адвокаты менен кетип бара жаткан. Андан кийин милициянын дагы эки кызматкери келип, ага кыргыз тилинде жазылган документтерди көрсөткөн. Ал документти түшүнгөн эмес жана адвокаттын ага укуктарын түшүндүрүп берүү аракетине мүмкүндүк бербей коюшкан.
Кийинчерээк адвокат токмоктолгон адамды таап, андан соң анын алган жарааттарын медициналык жактан каттатуу үчүн ал ооруканага жеткирилген.
«Дарыгер аны токмоктогон кызматкерлерсиз, жалгыз карап көрүүгө макул болгон, бирок алган жаракаттары тууралуу маалым кат берүүдөн баш тарткан, муну болсо Стамбулдук протокол талап кылат. Эркек киши өзүнө карата кыйноо болгону тууралуу арыз жазган», — деп билдирет Amnesty International.
Абийир туткуну
«Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 2010-жылдын июнундагы (Ош окуясы) улуттар аралык кагылыш учурунда жана андан кийин болгон адам укуктарынын бузулушу толук жана бейтарап иликтене элек», — деп айтылат укук коргоо уюмунун баяндамасында.
Amnesty International мындан кийин орун алган кылмыш куугунтугу негизинен этникалык өзбектерге тийиштүү болгонун белгилейт.
«Этникалык өзбек жана укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою камакта отуруу жазасын өтөөнү улантып жатат, бул өкүм ага 2010-жылдагы окуялар учурунда милиция кызматкерин өлтүрдү деп токулган айып боюнча чыккан, — деп жазат уюм.
Баяндамага ылайык, Аскаров жаңы күчүнө кирген Жазык кодексине карабастан өмүр бою эркинен ажыратууга байланыштуу жаза мөөнөтүн өтөөнү улантып жатат. Жаңы кодекс боюнча ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган эмес. Азырынча инстанциялардын бардыгы анын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырышты.
«Эркинен ажырап отурган жылдары анын ден соолугунун абалы начарлап кеткен, бирок дагы деле ага керектүү жана тийиштүү дарылоодон баш тартып жатышат. Азимжан Аскаров өзүнүн укук коргоочу ишмердиги үчүн эркинен ажыраган абийирдин туткуну болуп саналат», — деп жазат Amnesty International.