Парламенттик шайлоо-2021: Партиялар 3-сентябрга чейин БШКга билдирме жиберүүгө тийиш

Саясий партиялар 3-сентябрга чейин БШКга 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышары тууралуу кат жүзүндө билдирме жөнөтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеде партиялардан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу ыйгарымдарына ээ болгон өкүлү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

«Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш», — деп билдирди БШК.

Документтерди кабыл алуу 3-сентябрь күнү саат 18:00дө аяктайт.

Парламенттик шайлоо 2021

Президент Садыр Жапаров 29 августта жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн 2021-жылдын 28-ноябрына бекитти.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасынын негизинде өтөт.

Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.