Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү» мыйзамына кол койду. Мыйзам 27-августтан тартып күчүнө кирет.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, парламентте депутаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарды. Мындан тышкары, шайлоону өткөрүүнүн тартиби дагы өзгөрдү: эми ал аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүлөт.

Кийин президент мыйзамга кол койгон, ага ылайык Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.

«Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы Конституция менен дайындоого мүмкүндүк берет», — деп белгилешти президенттин администрациясынан.Эми президент Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн жарыялашы керек.

Шайлоону аралаш системасы боюнча өткөрүү сунушталган шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү бир нече жолу сынга алынган. Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, бир мандаттуу округ боюнча шайлоо боюнча жаңы система аял талапкерлерге жолтоо болот жана парламенттеги 36 мандат эркектерге тийип калышы ыктымал.

«Өткөн жылдардын тажрыйбасы, бир мандаттуу шайлоо болгондо парламентке капчыктуу мырзалар келерин көрсөттү», — деген депутат.

Тема боюнча: «“Кыз-Бурак” ансамбли болуп калат». Токтомамбетов менен Сулайманов чырдаша кетишти