Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бүгүн, 31-августта, Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленип жатат. Ош шаарынын борбордук аянтында да салтанаттуу иш-чара өтүп, шаар тургундарына жана конокторго майрамдык концерт тартууланды.

Салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, шаардын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева коомдук-саясий ишмерлер, чет өлкөдөн келген делегаттар, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Марипов кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктап, ата-бабалардан мураска калган эгемен өлкөнү урпактарга өткөрүп берүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн жетишкендиктерин атап, «алардын бири сөз эркиндиги жана демократия» деп айтты.

Майрамдык концертте кыргыз эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, Гүлнүр Сатылганова, эстрада жылдыздары Арсен, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева жана Темир Назаров ырдады.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ал эми Султан Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын артисттери бир нече тарыхый окуяларды сахналаштырды. Анын ичинде Кокон хандыгынын тушундагы белгилүү кыргыз саясатчысы Алымбек Датка менен Алай ханышасы Курманжан Датканын уулу Камчыбектин дарга асылуунун алдындагы апасы менен диалогу да бар.

Андан сырткары Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган көрүнүштү, Касым Тыныстановдун жана Исках Раззаковдун өмүр жолу боюнча жана башка тарыхий-маданий театралдык көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ошондой эле аянтта «Достук» фестивалы өтүп, Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттардын каада-салтын, маданиятын чагылдырган ярмарка өтүп жатат. Кечки саат 19:00дө гала концерт башталып, майрамдык иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталат.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Калаа бийлиги быйыл майрамдык иш-чараны өткөрүү үчүн дээрлик 2 млн сом жумшады. Бул каражатка бордордук аянтка баннер илинип, сахна жасалгаланды.