Ош шаары: Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө дээрлик 2 млн сом сарпталат

Сүрөт: «Ош-Тазалык»

Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө 1 млн 989 миң сом жумшалмакчы. Аталаган каражатка бордордук аянтка баннер илинип, сахна жасалгаланат.

Тиешелүү тендерди Ош мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы 10-августта жарыялаган. Аталган тендер үч лоттон туруп, анын бири ишке ашпай калган. Мындан улам Муниципалдык менчик башкармалыгы 20-августта кайрадан тендер өткөргөн.

Тендерди мурдагы ырчы жана жеке ишкер Бакыт Беделов утуп алды. Ишкерден сырткары конкруска «Алиф Алай», «Келишим Груп» жана «Мустафа ЛТД» компаниялары катышкан. Анткен менен жеңүүчү деп эң кымбат бааны сунуштаган Беделов табылды.

Беделов «Дамак Строй» курулуш компаниясын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнөн сырткары Алымбек Датканын 220 жана Курманжан Датканын 210 жылдыгы белгиленет деп билдирген.

Ош шаардык мэриясы үстүбүздөгү жылдын март айында Нооруз майрамына арналган иш-чарага 553 миң сом короткон. Ошол эле учурда Бишкек шаарында Нооруз эпидемиологиялык кырдаалдан улам майрамдалган эмес.

2020-жылы Жаңы жыл майрамын белгилөөгө Ош шаарынын бийлиги 700 миң короткон. Ал эми Бишкек мэриясы шаан-шөкөткө жана салютка делген каражатты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө белек берүүгө жумшаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Садыр Жапаров да катышат». Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 13,5 млн сом сарпталат

Өлкөдө пандемия шартында Эгемендүүлүк күнүнө арналган 40тан ашык иш-чара өтөт