«Бир да тыйын карыз албай». Президенттин аппараты Жапаровдун сөзүн чечмелеп берди

Эмне болду эле?

Президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө учурунда республиканын акыркы жетишкендиктери тууралуу айтып жатып, өлкө финансылык көз карандылыктан акырындык менен арылып келе жатканын айтты.

Анын айтымында, ал президент болуп келгенде, «бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу».

«Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда.

Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык», — деп билдирди президент.

president.kg сайтынан скриншот

Бул билдирүүнүн эмнеси туура эмес?

Депутат Дастан Бекешев мамлекет башчынын айткандарын сынга алды.

«Бүгүн президент быйыл кредит алган жокпуз деп айтты. Бирок мен жеке өзүм төмөнкү кредиттик келишимдерге добуш бергем: Ысык-Көл облусуна айланма жол курууга жана Кербен, Ноокат шаарларын суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү үчүн алынган насыялар», — деп билдирди ал Фейсбук барагында.

«Клооп» парламент жыйындарынын жана министрликтердин отчетторун талдап, депутат айткан кредиттик келишимдерди таап чыкты. Андан башкалары да бар.

Мисалы, 2021-жылдын 24-майында парламент республика менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырганы белгилүү болду. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун» колдоп, 0,75% менен 8,5 миллион доллар насыя берген. Каражат 38 жылга 6 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен бөлүнгөн.

Кийин, 2021-жылдын 21-июнунда парламент Азия өнүктүрүү банкы менен кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорун карап чыккан жана жактырган. АӨБ Кыргызстанга 80 млн доллар бөлгөн, анын ичинен 69,3 млну 1% менен 24 жылга насыяга алынган. Каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшоону пландап жатышат.

Кийинчерээк, 12-июлда Кыргызстан Кувейттин Араб экономикалык кызматташтык фонду менен 28,9 миллион АКШ долларлык кредиттик келишимге кол койгон. Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акча Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма жолунун болжол менен 80,5 чакырымын оңдоого жумшалат.

Ал эми 28-июлда парламент суу менен камсыздоо системасын өнүктүрүүгө багытталган келишимдерди жактырган. Ага ылайык, Ноокат шаары жана ага жакын жайгашкан Фрунзе жана Чапаев айылдарын суу менен камсыздоого 4,8 млн евро бөлүнөт. Анын ичинен 2,2 млн евро — бул ЕРӨБ 1% үстөк менен 15 жылдык мөөнөткө бөлүп берген кредит. Дагы 2 млн — ЕРӨБ гранты, ал эми 0,6 млн евро — Жапония өкмөтүнүн гранты.

Ошол эле күнү парламент депутаттары Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Суу коопсуздугу жана суунун сапаты долбоорун» даярдоодогу грант жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбооруна добуш беришкен. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул проектке 425 миң доллар бөлүнөт.

Президенттин администрациясы эмне дейт?

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге президентти туура эмес түшүнүп алышканын, анын [президенттин] айткандары «айрым жарандар тарабынан туура эмес чечмеленгенин» айтып берди.

«Президенттин айтайын дегени, быйылкы жылы чет өлкөдөн келген насыядан бир тыйын дагы мамлекеттик бюджетти колдоого жумшалган эмес. Бул айрым жарандар айтып жаткан инфраструралык долбоорлорго тиешеси жок», — деп баса белгиледи Султанбаев.

Ошол эле учурда, мамлекет башчысынын сайтына президенттин кайрылуусунун сөзмө сөз котормосу жана тексттин толук версиясы эмес, «эркин котормосу» жарыяланган. Ушундай эле жагдай Жапаровдон мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусунда да катталган.