АӨБ Кыргызстанга чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 80 млн $ бөлөт

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети 21-июнда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосундагы насыя жана гранттык келишимдер долбоорун карап жактырды.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков бул макулдашуулардын алкагында АӨБ 80 млн доллар бөлөрүн кабарлады. Анын ичинен 69,3 млн — жеңилдетилген насыя, ал эми 10,7 млн доллары — грант. Насыянын мөөнөтү 24 жыл, үстөк пайызы 1%.

Анын айтымында, каражат Кепилдик фондуна келип түшөт, андан соң чакан жана орто бизнес үчүн насыя катары берилет.

Ал эми депутат Бурун Аманова буга байланыштуу эл аралык донолордон келген каражаттар максатсыз пайдаланылып жатканын айтты.

«Мисалы, энергосекторду өнүктүрүүгө 2,2 млн доллар каралган, ал каражат кайда, кантип жумшалганы белгисиз. Ачыгын айтканда, энергосектордо эч кандай алгылыктуу өзгөрүү болгон эмес», — деп белгиледи ал.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4, 93 млрд долларга жеткен. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында ведомство мамлекет АӨБка 605,4 млн доллар карыз экенин айткан — бул жалпы мамлекеттик карыздын 13%.

Бизнес жана пандемия

Коронавирус пандемиясы каптап, андан улам киргизилген чектөөлөрдөн улам чакан жана орто бизнес жабыркап, жумушсуздук күчөгөн. 2020-жылы мартта бийлик өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жана айрым шаарлам менен райондордо өзгөчө абал режимин киргизип, буга байлагыштуу бизнестин иши чектелген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, мурдагы жылга салыштырмалуу 2020-жылдын тогуз айы боюнча чакан жана орто ишкердиктердин жоготуулары 41% же 6 миллиард сомду түзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну байкалууда жана бийлик аз-аздан эпидемиялык кырдаал начарлап бараткан шаарларда чектөөлөрдү киргизе баштады.

Мисалы, Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдардын, ресторандардын, коомдук тамактануу жайлардын, кафе, караоке жана барлардын) ишине түнкү саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин тыюу салган.

Калаа муниципалитети күн сайын рейд жүргүзүп, чектөө талаптарын аткарбаган көңүл ачуучу жайларга штраф салып жатат.