Парламенттик шайлоо: Үгүт иштери октябрдын аягында башталат

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-августта алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата иш-чаралардын календардык планын бекитти. Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген.

Бекитилген календарга ылайык, БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин 29-октябрдан 27-ноябрга чейин өткөрүүнү дайындады.

Ага чейин комиссия талапкерлердин жана саясий партиялардын документтерин кабыл алат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 14-октябрга чейин, ал эми депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 29-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасынын негизинде өтөт. Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.