Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 4 киши каза болду, жаңы 142 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 2-сентябрга карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 4 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 536 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 142 учуру катталды — Бишкек шаарында — 59, Чүй облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 33, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Баткен облусунда — 10. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 176 018ге жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 102 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 170 169 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 954 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 910.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 14 984 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 685 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 455 миңден ашуун.