2021-жылдын башынан бери 497 адам жол кырсыгынын курмандыгы болду. Бул тууралуу 2-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы Азамат Исраилов жол коопсуздугуна арналган тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери 4 миң 637 автокырсык катталып, 6900 адам жаракат алган.
«Жол кырсыктары каза болгондор менен жаракат алгандардын саны боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүп жатканы байкалууда. Кырсыктардын 95%ы адам факторунун болот, башкача айтканда, айдоочулар жол эрежелерин билбейт же бузушат. Кошумчалай кетсек, алардын көбү жолдо өзүн алып жүрүү маданиятын сактабайт», — деди ал.
Исраиловдун маалыматына караганда, жыл башынан бери 524 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77%га жогору.
Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Азаттыкка» Кыргызстандага жол кырсыгынын биринчи жана негизги себеби мас абалда унаа айдоо экенин айтышкан. Экинчиси — унааны катуу ылдамдыкта айдоо болсо, үчүнсүсү — айдоочулардын тиешелүү квалификациясынын жана тажрыйбасынын жоктугу.
Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсыктардын негизги себептеринин арасында унаалардын ортосундагы аралыктын сакталбаганы жана айдоочулардын чарчанкы абалда унаа башкарганы да бар.
Өлүмгө алып келген жол кырсыктары
Акыркы бир нече айда эле Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облусунун жолдорунда адам өлүмүнө алып келген бир нече ири жол кырсыгы катталган.
Мындан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМдин башчысы Уланбек Ниязбековго жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.
Андан соң Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишин сынга алган. Ал кызматкерлеге үч сменде иштөөнү тапшырып, эгерде кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтпөсө, жетекчилик «иштен кетүүгө тийиш экенин» айткан.