Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров «акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын» белгилеген.  Анын айтымында, ИИМ жайкы туристтик сезон башталаары менен транспорттук агым эселеп көбөйөрүн эске алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышы керек.

«Жапаров жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Июнь айынын башында президенттик аппараттын басма сөз кызматы Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураганын билдирген. Жол кырсыгы 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жолунда болгон. Маалыматка ылайык, мас абалдагы айдоочу жолдун каршы тилкесине чыгып, мамкүзөттүн унаасын сүзгөн.

Аталган жол кырсыгында Садыр Жапаровдун дарыгери каза таап, дагы үч адам жабыркаган.

Президент өзү башка унаада болгон, ал жабыркаган эмес.

Материалды Бегимай Арстанбекова даярдады.