Бийлик такси кызматынын ар бир буйрутмасынан 2% салык алууну көздөйт

Экономика жана финансы министрлиги такси кызматы үчүн бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумун карап чыгууну сунуштады. Ага ылайык, бийлик такси кызматынын ар бир буйрутмасынан 2% алууну көздөйт.

Бул тууралуу Салык кодексинин жаңы редакциялык долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылат.

Документте «такси кызматынын ар бир буйрутмасынын 2 пайызы бюджетке салык түрүндө жөнөтүлүп турат» деп жазылат.

«Яндексти» салык төлөөгө милдеттендирүү

Үстүбүздөгү жылдын башында таксисттер «Яндекс Go» сервисине каршы митингге чыгышкан. Алар сервистин ички саясатына жана «Яндекстин» «мамлекетке салык төкпөгөнүнө» наразы болушкан.

Компаниядан болсо айдоочулар кандайдыр бир талап менен кайрылбаганын, ал эми митинг тууралуу соцтармактардан укканын билдиришкен. Ошондой эле, алар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын баса белгилеген.

«Яндекстин» «мамлекетке салык төлөбөгөнүнө» таксисттер эле эмес, парламент депутаттары дагы нааразы. 7-сентябрда, парламенттин профилдик комитетинин жыйынында эл өкүлү Акылбек Кемелов «Яндекс.Такси» Кыргызстандын аймагында «элдин эсебинен миллиондогон киреше таап, бирок эч кандай салык төлөбөгөнүнө» нааразы болгон.

«Бул деген нонсенс да. Алардын жаңы технологиялар менен рынокко кирип келүүсү канчалаган ата мекендик компаниялардын жолун бууп жатат. Мурда эле чара көрүшүбүз керек болчу, бирок кечигип калдык», — деп кошумчалады ал.

Санараптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков ага жооп берип жатып, компания чындап эле салык төлөбөй турганын билдирди.

«Экономика министрлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатат, ага ылайык Google, Facebook жана “Яндекс” кошумча салык төлөөгө милдеттүү», — деди ал.

Ошондой эле, жаңы Салык кодексине «Электрондук соода тармагындагы ишмердүүлүк үчүн салык» деген жаңы түшүнүк киргизүү сунушталууда.

Ишкерлер бул салыкты кирешеден түшкөн, салык салынуучу жеткирүүлөрдүн кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктын ордуна төлөй турганы белгиленген. Электрондук коммерция ишмердүүлүгү үчүн салыктын өлчөмү эки пайыз деп белгиленген.

Жаңы салык кодекси

Салык кодексинин жаңы редакциясы биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында, министрлер кабинетинде талкууланган. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

22-июлдагы жыйында маморгандар менен бизнес-коомчулук салык мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу, салык текшерүүлөрдү оптималдаштырууну жана атайын салыктык режимдерин жакшыртуу боюнча алдын ала жыйынтыктарды карашкан.

«2021-жылдын 26-30-июлдарында бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдарынын жана президентттик администрациянын катышуусу менен Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун техникалык жана ченем жаратуу боюнча жол-жоболоштуруунун көчмө иш-чарасы өткөрүлдү», — деп белгиленген билдирүүдө.

Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы көчмө жыйындын аягында «жаңы редакция боюнча алдын ала долбоор» даярдалганын белгилеген. Бирок анын тексти коомдук талкууга 3-сентябрда гана чыккан.

Экономика министрлигинен Салык кодексинин жаңы долбоорунун максаты — «салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу» экенин белгилешкен.

Ошондой эле ведомство, долбоор мындан ары «салык процедураларын санариптештирүүгө» жардам берип, «ишкерлерге бирдей шарт түзүүнү жана көмүскө экономиканы кыскартууну» камсыздайт деп эсептейт.