Бишкек: Таксисттер «Яндекс Go» сервисине каршы митингге чыкты

Бишкекте таксисттер 16-февралда «Яндекс Go» сервисине каршы митингге чыгышты. Алар сервистин ички саясатына жана «Яндекстин» «мамлекетке салык төкпөгөнүнө» нааразы болушту. Өкмөт үйүнүн алдына 20 чакты машина чогулуп, «Яндекс кетсин» деген талабын айтышты.

Митингчилер эмне дейт?

Митингге катышкандардын айтымында, сервистин пайыздык чендери жогору, ал эми адамдар жумушка же үйлөрүнө кетип жаткан убакта «Яндекс» тарифти көтөрөт, бирок бул акчалар айдоочулардын эсебине түшпөйт.

Журналист Жоодар Бузумовдун видеосу.

«Бардыгыбыз “Яндексте” иштегенбиз, бизге мындай сервистин кереги жок. Ал түгүл сервисте иштеп жаткан таксисттер дагы мындай саясатка каршы», — деди митингчилердин бирөөсү.

Анткен менен Яндексте иштегендердин бардыгы эле сервистин ишине нааразы эмес. Яндекстин айдоочуларынын бири Кубаныч Асанбеков «Клоопко» билдиргендей, сервис чындап эле комиссияны 3%га көбөйткөн, бирок анын ордуна айдоочулар үчүн бонустар пайда болгон.

«Яндекс Go» эмне дейт?

«Яндекс Goнун» өзүнөн билдиришкендей, айдоочулар кандайдыр бир талап айтып кайрылышкан эмес, ал эми митинг тууралуу соцтармактардан угушкан.

«Биз нааразы болуп чыккан айдоочулардын бир нече унаасынын номерин текшерип көрдүк — алар биздин сервистин буйрутмаларын аткарбайт [...] Сервис буга чейин дагы бир нече жолу Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын белгилеген эле», — деп билдиришти «Клоопко» компаниянын басма сөз кызматынан.

Мурдарак «Яндекс» таксопаркынын жетекчиси айдоочуларынын баары митинг болгон күнү линияга чыгышканын айткан. Бул тууралуу ал 24.kgге билдирген.

«Айдоочуларыбыз тынч эле иштеп жатат. Митингге кимдер чыкканы түшүнүксүз. Балким атаандаштарыбыз компанияны каралагысы келгендир, бул эми бизнес да», — дейт ал.