Нарын: Сот аялын мылтык менен атып өлтүргөн кишинин ишин кыскартты

Иллюстративдик сүрөт

Нарын облустук соту аялын «ИЖ-18ЕМ» үлгүсүндөгү мылтык менен атып өлтүргөн 39 жаштагы кишини «акыл эси ордунда эмес» деп тапты. Мындан улам анын иши кыскартылып, психиатриялык ооруканага жайгаштырылды.

Эмне болгон?

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында киши өзүнүн аялын сабап, анын жүрөгүнө ок атып өлтүргөн. Буга аялдын «уйду короого киргизбей койгону» себеп болгону айтылган.

Бирок айыпталуучу анын аялы «жүрөк оорусунан улам каза болгонун» айтып, 22-майда аны көмүп салган. Анткен менен укук коргоо органдары аялдын сөөгүн эксгумациялап, ал ок атуучу куралдан каза болгонун аныкташкан.

Анда шектүү күнөөнү мойнуна албай, маркум «өзүн-өзү кокустан атып алды» деп айткан.

Ал эми тергөө учурунда айыпталуучунун акыл-эси кемдиги жана экинчи топтогу майып экендиги аныкталган. Маркум жана айыпталуучунун ортосунда беш бала болгон.

Мындан улам Нарын райондук соту 2-августта соттук териштирүүнү кыскартып, айыпталуучуну мажбурлап дарылоого «күчөтүлгөн байкоого алуу менен» Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык мекемесине жиберген.

Ал эми Нарын облустук соту бул чечимди өзгөртүп, соттолуучуну «каттуу байкоого алуу менен» Жалал-Абаддагы психиатриялык диспансерге жиберди.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Нарын облусунун Кочкор райондук соту аялын мыкаачылык менен өлтүргөн кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Соттолуучу мас абалында аялы менен чырдашып, аны сабап, атка сүйрөткөнүн айтып берген.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Өлкөдөгү аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык басым көрсөтүүгө, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Буга Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөлөрү далил болуп турат.

Ошол эле учурда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук аялдардын көзүн тазалоо учурларына алып келгени аз эмес. Киши колдуу болгон аялдар көбүнчө баш кошкон күйөөлөрү же жарандык никеде бирге жашаган өнөктөштөрүнүн колунан ажал табышкан.

Кыргызстанда эркектерди өлтүргөн аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонгон. Бирок алар түгөйүн өлтүрүп алган болсо, тергөө менен соттордун ырайымынан үмүт кылбай деле койсо болот. Көп учурда адам өлтүрүү үчүн соттолгон аялдар күйөөсү же өнөктөшү тарабынан ур-токмокко алынганына даттанышкан, бирок сот бул фактыны эске алган эмес.