«Атка сүйрөткөм». Кочкордо аялын өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Соттолгон адам

Нарын облусунун Кочкор районунда аялын мыкаачылык менен өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылды. Өкүмдү 20-апрелде Кочкор райондук соту чыгарды.

Быйыл 23-январда Теңдик айылына караштуу Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Кылмышка анын 25 жаштагы жарандык никедеги күйөөсү шектелген.

Көп өтпөй Кочкордун милициясы шектүүнү Ош облусунун Ноокат районунан кармап, аны тергөө изоляторуна киргизген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү ошол күнү алар спирт ичимдиктерин ичкенин айтып берген. Тургундун айтымында, чыр маркум мурда «денесин сатып жүргөнүнөн» улам чыккан.

«Ачуум келип бир тепкем, башына тийген [...] Бутуна жипти байлап туруп [атты] жетеледим. Жип үзүлүп калды. Кол менен акырын-акырын сүйрөп алып кирдим. (эмне менен сүйрөдүң, ат мененби? — тергөөчү) Ооба, ат менен жөн эле сүйрөгөн болчумун», — деген ал.

Ошондой эле, айыпталуучу мас болгондуктан маркумду кантип сабаганы эсинде жок экенин айткан.

Кыргызстанда аялдардын өлүмү менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?