Аксы районунда сибирь жарасы тутанганы тастыкталды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасы тутанганын тастыктады. Маалыматка таянсак, 13-сентябрга карата жети адам ооруканага жаткырылды. Сибирь жарасы ылаңдаган уйдан тараган.

Карандинтик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев «Клоопко» курган маегинде эки бейтаптын лабораториялык анализинен сибирь жарасы тастыкталганын айтып берди.

«Алардын баары Аксы райондук ооруканасында дарыланып жатат. Абалдары туруктуу», — деп белгиледи ал.

Дагы 41 адам ылаңдаган малдын этин жеген, алар үй шартында антибиотик терапиясын алып жатат. Бектурдиевдин айтымында, алардын ичинен 10 киши — 14 жашка чейинки балдар.

Бектурдиев эпидемияга каршы комиссия чукул жыйын өткөргөнүн дагы кошумчалады. Топурактын анализи сибирь жарасына терс натыйжа көрсөткөн, бирок оорулуу мал союлган жерлерди карантинге алуу маселеси каралууда.

Сибирь жарасы (күйдүргү же сибирь кулгунасы) — жаныбарлардан адамдарга жугуучу коркунучтуу, жугуштуу оору. Оорунун кесепетинен шишик менен жара пайда болот, эгерде дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал.

Акыркы жылдары Кыргызстанда күйдүргү жуктуруунун 50дөн ашык учуру катталган. Көпчүлүк адамдар илдетке оору жуккан малдын этин жегенден соң кабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:Аксы: Сибирь жарасын жуктурууга шектелген жети адам ооруканага түштү