Аксы: Сибирь жарасын жуктурууга шектелген жети адам ооруканага түштү

«Турмуш» басылмасы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасын жуктурууга шектелген жети адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Жолдошбек Абсаматов басылмага бейтаптардын абалы канааттандыраарлык экенин кабарлаган. Абсаматовдун айтымында, айыл тургундары медиктерге 2-сентябрдан тарта кайрыла баштаган.

«Айыл тургундары анализ тапшырды, бешөөнүкү таза чыкты, ал эми эки адамдын анализинен оорунун белгилер байкалган. Бейтаптарды дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп жатат», — деди Абсаматов.

Буга чейин айылда бир нече бодо мал өлгөнү айтылууда.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбеков «Турмуш» басылмасына өлгөн мал санитардык талаптарга ылайык көмүлгөнүн, ал эми ветеринарлар текшерүү үчүн үлгүлөрдү алганын билдирген.

Сибирь жарасы (күйдүргү же сибирь кулгунасы) — жаныбарлардан адамдарга жугуучу коркунучтуу, жугуштуу оору. Оорунун кесепетинен шишик менен жара пайда болот, эгерде дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал.

Акыркы жылдары Кыргызстанда күйдүргү жуктуруунун 50дөн ашык учуру катталган. Көпчүлүк адамдар илдетке оору жуккан малдын этин жегенден соң кабылган.