Кыргызстанда калдык сактоочу жайларды, уран жана торий кендерин иштетүү сунушталды

Миң-Куштан анча алыс эмес жердеги «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайы. 2017-жылдын май айы. Сүрөт: Дмитрий Мотинов Living Asia үчүн

Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Кыргыз Республикасында жер казнасын пайдалануу маселелери тууралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоору «эскирген ченемдерди, ички жана укуктук карама-каршылыктарды» четтетип, «жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салууну» болжойт.

Жер казынасын пайдалануу маселелери тууралуу мыйзамдын жаңы долбоору радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берет.

«Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-чараларды 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттер жана мамлекеттик ишканалар жүзөгө ашырууну кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар тарабынан уранды, торий кендерин (уран, торийди казып алуу) геологиялык изилдөө жана иштетүү, ошондой эле радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө тыюу салынат», — деп белгиленет мыйзам долбоорунда.

Учурда мындай ишмердикке Кыргызстанда, калдык сактоочу жайлар менен тоо-тек үймөктөрүн рекультивациялоо, сактоо жана чыгындыларды көмүүгө байланыштуу ишмердикти кошпогондо таптакыр эле тыюу салынган.

Бирок ошол эле учурда мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде ал «колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келбейт» деп айтылат. Ошондой эле документ «социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт» деп белгиленет.

Казуу иштерин жүргүзүүгө «100-пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттер жана мамлекеттик ишканалар» укуктуу. Алар «мындай иштерди инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү аркылуу» жүргүзө алат.

Ал эми Кыргызстандын аймагына «уран камтыган жана торий бар чийки заттар менен калдыктарды» киргизүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат.

Уран казуу тыюсу

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы декабрда уран, торий, радиоактивдүү калдык сактоочу жайлар менен тоо-тек үймөктөрүн иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзамына кол койгон.

Тыюунун максаты — калктын ден соолугун коргоо, ошондой эле айлана-чөйрөгө кам көрүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо.

Мыйзам 2019-жылы жазында уран казууга каршы митингдер өткөндөн кийин кабыл алынган. Бишкек жана Ысык-Көлдө адамдар Ысык-Көл облусунда «ЮрАзия» компаниясы жүргүзгөн геологиялык чалгындоого каршы чыгышкан. Ишкана Таш-Булак кенинде уран казууну көздөгөн, бирок митингдерден кийин өкмөт компаниянын лицензиясын токтоткон.

Андан кийин Factcheck.kg’нин журналисттери «уран чуусу» WhatsApp мессенжери аркылуу жапырт маалымат таратылгандан кийин 17-апрель күнү кечинде козуй баштап, депутаттар өкмөткө Кыргызстанда уран кендерин чалгындоо, издөө жана иштетүүгө тыюу салууну тапшырышкандан кийин 2-майда аяктаганын аныкташкан.

Буга карабастан, 2019-жылы октябрда эл өкүлдөрү уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салган мыйзамды талкууга алып чыгып, андан кийин аны кабыл алышкан.

Кыргызстандын жер казынасы жөнүндө жаңы мыйзамдары

Жер казынасы жөнүндө кодекске түзөтүүлөр президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» бешинчи жарлыгын ишке ашыруу үчүн иштелип чыкты.

Мамлекет башчысы ал жарлыгында болочоктогу жаңы «Кен кодексине» кандай ченемдер кириши керектигине токтолгон. Мисалы, президенттин жарлыгы боюнча жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүгө мүмкүндүктү уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуучу компаниялар гана алат.

Жапаровдун оюнча жаңы Кодекс 2021-жылдын 1-июлуна чейин иштелип чыгышы керек болчу. Энергетика жана өнөр жай министрлиги биринчи редакциясын июнда эле даярдаган, бирок анда мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулугу тарабынан көптөгөн эскертүүлөр менен сунуштар айтылган.

Кодекс иштелип, жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатканда минкаб жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн жаңы тартибин бекитти. Ага ылайык, 100% мамлекеттик үлүшү бар өнөр-жай ишканаларына геологиялык изилдөө жана конкурстук жана акциондук участкаларда кен казуу үчүн лицензия алуу жеңилдеди.

Материалды даярдагандар: Мундузбек Калыков, Елена Короткова

ТЕМА БОЮНЧА: Садыр Жапаровдун алгачкы беш жарлыгы эмне жөнүндө?