ИИМ: Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы ведомство башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө шектелип кармалганын билдирди. Асанов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, «Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү» аныкталган.

ИИМ башчысынын мурдагы орун басарына карата «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Мурдараак Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» курган маегинде Асанов ИИМге «интернетте тарап жаткан фейк маалыматка байланыштуу» күбө катары суракка чакырылганын айтып берген.

«Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган. "Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" деген 309-беренеси. Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту», — деп билдирген Токтакунова.

Экинчи адвокат Чынара Жакупбекованын айтымында, Асановго үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте массалык башаламандык уюштурууну пландоо боюнча да айып тагылды.

«Асанов [аудиодо] сөз өткөн жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча болгонун айтты», — деп билдирди жактоочу AKIpress басылмасына.

Эмне болгон аудио жазуу?

Буга чейин социалдык тармактарда болжолу Курсан Асановдун «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсү тараган.

Видеонун алдына «Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат» деп жазылган.

Тасмадагы үндөргө караганда, Асанов Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан.

«Эй кой дедим. Мага айтат сен ИИМге барасың деп. Анан Катаниге [Өмүрбек Суваналиев] барып эмне болду десем, уже болду, күзүндө көтөрүлүш дейт. Мелис [Турганбаев, ИИМдин экс-башчысы] келет, мас баягыдай эме кылат экен, жыйырма баласы менен жүрөт», — дейт ал.

Андан соң Сарыбаев делген адам Чалдыбар менен Токмоктон адамдарды чогулта аларын айтат. Андан кийин аудиодогу адамдар экс-спикер Канат Исаев жана өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов тууралуу сөз кылышат.

Токтакунова 24.kg басылмасына Асановдун айткандарына таянып, аудиону фейк деп билдирген.

«Асанов чындап эле бул сүйлөшүү болгонун, бирок ага көп болгонун жана ал монтаждалганын айтат. Мен аны жарыялаган адамды кылмыш жообуна тартыш үчүн арыз жазууну сунуштадым. Бирок биздин сүйлөшүүбүздөн кийин эле кардарымды суракка чакыртышты, арыз даярдап, тергөө органдарына таштоого үлгүрбөй калдык. Алгач Асановду күбө катары чакырышкан, кайра коё беришет деп ойлогонбуз. Сурактан кийин бийликти күч менен басып алууга шектеп кармашты», — деп билдирди.

Асановго карата козголгон иш

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго карата бери дегенде үч кылмыш иши козголгон. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иштерди бир өндүрүшкө бириктирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Асанов мыйзамсыз жол менен ИИМ кызматкери Д. Пайзилда уулун жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алган деп шектелүүдө. Мындан улам мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген.

Ошондой эле Асанов жана журналист өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп шектелүүдө.Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча министрдин экс-орун басары уулу жана жардамчысы Д. Пайзилда уулу менен сүйлөшүп алып тергөө үчүн маанилүү делген далилдерди жана кылмыштын издерин жок кылууга, буюм далилдер менен башка буюмдарды жашырууга шектелип жатат.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын башында Асановго 2020-жылдын октябрь айында, өлкөдө бийлик алмашканда министрликтин имаратын басып алууга шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Ал 26-январда кармалган. ТИЗОДО 2 айга жакын кармалып, апрель айында үй камагына чыккан.

Курсан Асанов 5-октябрдагы митингде. Сүрөт: AKIpress

Курсан Асанов ким?

Курсан Асанов 2011-2019-жылдары ички иштер министринин орун басары болгон. Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аны 2019-жылы 13-августта ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасынын негизинде ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы иш-аракети менен «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген жүйөө менен кызматтан алынган..

Асанов өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койбогонун жана өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди резиденциясын штурмга алуу учурунда колго түшүп берүүгө көндүргөн. Штурмдун жүрүшүндө спецназчылардын бири, «Альфанын» башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков ок тийип каза тапкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин 6-октябрда Курсан Асанов өзүн-өзү ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Ал ошондой эле ИИМдин кызматкерлери менен бир нече жолугушуу өткөрүүгө да үлгүргөн.

Курсан Асанов 6-октябрда ИИМ жана Бишкек ШИИББдин өздүк курамына көрсөтмө берип жатат. Сүрөт: «Кабар»

Ал эми 10-октябрда Асановду УКМКнын кызматкерлери кармаган — ал мындан бир күн мурдагы «массалык башаламандыктарды» уюуштурууга шектелген. 9-октябрдыга митингде Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликтеги УКТга каршы митингдин катышуучулары жана Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан.

Асанов кармалгандан кийин президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, баш коргоо чарасын Бишкек шаардык сотунда даттанган. Анда ал өлкө аймактарына үгүттөп бара алышы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Президенттик шайлоодо Асанов 0,5% добушка ээ болгон. Шайлоодо 5-6 октябрь күндөрү митингге чыккандар колониядан бошоткон Садыр Жапаров жеңишке жеткен.