Курсан Асанов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту Курсан Асановдун адвокаттарынын 2020-жылдын 9-октябрь окуяларына байланышкан кылмыш иши боюнча аппеляциялык арызын карады. Алар ИИМ башчысынын мурдагы орун басарын камакка алуу тууралуу Бишкектин Биринчи май райсотунун чечимин негизсиз деп сыпаттап, Курсан Асановду үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Бишкек шаардык соту аппеляциялык арызды канааттандырып, президенттикке мурдагы талапкердин бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Ага ылайык Асанов үй камагына чыкты.

Асанов 26-январь күнү кармалган. Ал 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык башаламандыктарды уюштуруу жана ИИМдин имаратын басып алууга шектелип жатат.

Депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда Асановду коргоп чыккан. Ал экс-чиновникти эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотууга болот деп билдирген.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө башчысына баш ийет. Курсан Асановго ИИМ имаратын басып алды деген айып тагылууда. Бул акылга сыйбаган нерсе да, кантип бир адам барып милицияны басып алсын! Бир эле киши жулунуп кирип ИИМди басып алып, 7-октябрда өздүк курамды чогултуп, тизип алса, бул кандай милиция деген суроо туулат экен? Ал баарын чыгарып, тизилгиле деп мажбурлай албайт да», — деп билдирген Бекешев.

Курсан Асанов ким?

Курсан Асанов 2011-2019-жылдары ички иштер министринин орун басары болгон. Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аны 2019-жылы 13-августта ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасынын негизинде ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы иш-аракети менен «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген жүйөө менен кызматтан алынган..

Асанов өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койбогонун жана өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди резиденциясын штурмга алуу учурунда колго түшүп берүүгө көндүргөн. Штурмдун жүрүшүндө спецназчылардын бири, «Альфанын» башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков ок тийип каза тапкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин 6-октябрда Курсан Асанов өзүн-өзү ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Ал ошондой эле ИИМдин кызматкерлери менен бир нече жолугушуу өткөрүүгө да үлгүргөн.

Ал эми 10-октябрда Асановду УКМКнын кызматкерлери кармаган — ал мындан бир күн мурдагы «массалык башаламандыктарды» уюуштурууга шектелген. 9-октябрдыга митингде Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликтеги УКТга каршы митингдин катышуучулары жана Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан.

Асанов кармалгандан кийин президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, баш коргоо чарасын Бишкек шаардык сотунда даттанган. Анда ал өлкө аймактарына үгүттөп бара алышы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.