Жапаров: ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы куралдуу чырларга чара көрүү механизми керек

 Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Тажикстанда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө маселе көтөрдү.

Уюмдун мүчөлөрү: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы «кыргыз тарапты уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин» белгиледи.

Жапаров бир катар сунуштарды белгиледи, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Куралдуу жаңжал

Чек аранын такталбаганы кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда чыккан чырлардын башкы себеби болуп келет. Жаңжалдын чыгышына жер, суу талаш жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү негиз болот.

Апрелдин аягында акыркы жылдардагы эң ири, кан төгүү менен аяктаган кагылышуу катталган. Жаңжал 28-апрелде, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири-бирине таш ыргыта баштаганда ырбаган. 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери курал колдонушкан. Чек ара чыры башталган учурда эки өлкө бири-бирин айыпташкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңжал тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылганда күчөгөн.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги кылмыш иштери козголгонун кабарлашкан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы «Агрессивдүү согуш баштоо жана жүргүзүү», ошондой эле «Эки же андан көп адамды өлтүрүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш ишин козгогонун билдирген. Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда, Кыргызстандын жарандары аскерлердин жардамы менен «Тажикстандын жергиликтүү тургундарына, инфраструктура объектилерине жана чек ара пунктарына ок чыгарышкан» деп ишендирген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалап, тажик тараптын куралдуу күчтөрү «Баткен облусундагы тынч жаткан, куралсыз элге атайылап ок чыгарганын» белгилеген.

Көзөмөл органынан анда бардык фактылар КЖБРге «Массалык башаламандык», «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Бейбаштык», «Бөлөк бирөөнүн мүлкүн талкалоо же жок кылуу», «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча катталганын билдиришкен.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 жаран каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.