Башкы прокуратура Тажикстандын аракетин аскердик агрессия деп баалады

Тажикстандын аскердик агрессиясынын кесепеттери

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жылдын 29-апрелинде таңкы саат 4:40тан баштап Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрү автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонуп, Кыргызстандын чек арасына кара ниеттик менен кол салды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Тажикстан мындай аракети менен бир катар эл аралык келишимдерди буган. Алардын катарында 1976-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын уставы, 1991-жылдагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү макулдашуу, 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясы, 1994-жылдагы КМШ мүчө-мамлекеттеринин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек араларынын кол тийгистиги жөнүндөгү Москва декларациясы, ошондой эле 1996-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдин талаптары бар.

Дагы окуңуз: Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлерине каршы кылмыш ишин козгоду

«Туруктуу жайгаштырылган жерлерден башка жайдан чабуул коюучу оор куралды колдонуу Кыргызстандын суверендүү аймагын басып алуу максатында аскердик кол салуунун мурдатан пландаштырылгандыгын айгинелейт. Тажикстан тараптан башталган аскердик аракеттерде алардын аскерлери, куралдуу жалданган адамдары жана бандиттик түзүмдөрү катышты», — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары маалыматта тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы айылдарды бүлдүрүп, мал-мүлктү талап-тоногону да айтылат. Алар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын жана тонолгон социалдык объектилерди массалык түрдө өрттөшкөн. Анын кесепетинен биздин жарандарга жана мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Дагы окуңуз: «Сөөктү таанып болбойт». Чек ара чырында 54 жаштагы тургун өз үйүндө өрттөнүп каза тапты

Башкы прокуратура миномёттук жана башка артиллериялык курал менен кол салуунун алгачкы сааттарында Баткен районунун «Головной» тилкесинде 25 бейкүнөө жаран мерт кеткенин белгиледи.

Башкы көзөмөл орган тажик тараптын агрессиясынан 36 киши каза болгонун, анын үчөө аскери кызматкери жана эки бөбөк бар экенин билдирди. Ошондой эле, 180ден ашык жарадар болгон, арасында өтө оор абалдагылар да бар. 33 миңден ашуун жаран чыр чыккан аймактан көчүрүлгөндүгү такталган. Аскердик агрессиянын кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болгон.

Дагы окуңуз: Сүрөт баян: Чек арадагы ок атуулардан Баткен — Исфана жолунда талкаланган унаалар

Жарылбай калган снаряддар

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарында көптөгөн автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбаган снаряддар, авиациялык ракеталар алынып, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка тургузулган аскердик курулмалар табылган.

«Тажикстандын аскерлери жана көптөгөн бандиттик түзүмдөрүнүн тынч жаткан элге жана жарандык объектилерге, ошондой эле жаракат алгандарды ташыган тез жардам автомашиналарына фугастык-жарылуучу бөлүкчөлөрдүн жана ракеталык куралдардын колдонулушу Тажикстан тарабынан бир жактуу жана көп тараптуу эл аралык Женева конвенцияларындагы макулдашууларды, гуманитардык нормаларды бузуу менен кара өзгөйлүк максатта жасалган агрессияны күбөлөндүрүп турат», — деп жазылат билдирүүдө.

Талкаланып, оодарылган тез жардам унаасы

Дагы окуңуз: Чек ара кызматы: Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздардыруу иштери жүрүп жатат

Башкы прокуратура Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдады.

«Жогорудагы фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш иштери козголуп, тергөөдө далил заттар жана видеожазуулар алынып, фото-видео фиксациялар жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

ТЕМА БОЮНЧА

Баткен: Өкмөт насыянын үстөк пайызына жардам берет, бирок жоголгон мал-мүлккө жоопкерчилик албайт

Баткен: Чек арадагы ок атууларда 130 объект өрттөлгөн

Жапаров: Биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бергем