Бишкектин борбордук стадионуна 100дөгөн киши чогулду. Милиция комментарий бере элек

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 600дөй киши чогулду. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын айрымдары «элдик кошуун» деп жазылган жилеттерди кийген.

Уюштуруучулардын бири басылмага «кишилер өлкөдө башаламандыктар жана мародерлук башталып кетсе чара көрүү үчүн чогулганын» айтты. Ал балдарды тамак-аш менен камсыздоону убадалап, бирок чыгымдарды ким каржылаарын ачыктаган жок.

Ошондой эле стадиондо эки автобус турганы айтылды. Мындан сырткары аталган спорттук аянтча шаардыктар үчүн жабылып, машыгууларды өткөрүүгө да тыюу салынган.

Ички иштер министрлигинен «Клоопко» 100дөгөн киши эмне үчүн чогулганын түшүндүрүп бере алышкан жок. Алар тактап берүүнү гана убадалашты.

Атамбаевдин юбилейи жана «саясий туткундарга» арналган митинг

Буга чейин 17-сентябрда «саясий туткундарга» арналган тынчтык митинг өткөрүлө турганын кабарланган — аны Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев уюштурмакчы болгон.

Ал эми маданият ишмерлери онго жакын саясатчынын атып атап, алар баштаган жарандар «17-сентябрда куралдуу төңөрүш жасап, бийликти басып алууга камынып жатышат» деп 14-сентябрда кат жолдогон.

15-сентябрь күнү кайрылууда аты аталган саясатчылардын дээрлик баары сурак берип чыгышкан. Эртеси күнү кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова каттын биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын жана мазмуну бурмаланганын айткан.

Бүгүн, 17-сентябрда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 65 жашка чыгышы белгиленип жатат. Анын тарапташтары саат 12:00дө Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулушту. Андан соң саат 16:00дө Ала-Тоо аянтында «Өзгөрүү шамалы» деп аталган көркөм-нааразычылык акциясы өтөт.

Ага Атамбаевдин жакындары, айылдаштары, Жогорку Кеңештин депутаттары. коомдук-саясий ишмерлер катышаары айтылып, башка каалоочулар да чакырылган.