Маданият ишмерлери айрым саясатчыларды жазалоону талап кылып президентке кайрылышты

Социалдык тармактарда айрым маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу жарыяланды. Алар мамлекет башчысынан айрым саясатчыларга карата катаал чара көрүүнү суранышууда.

Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев болжолу 17-сентябрда куралдуу төңөрүш жасап, бийликти басып алууга камынып жатышат деп айтылган.

Кайрылуунун көп бөлүгү Жапаровду мактоого арналган. Каттын экинчи бөлүгүндо авторлор суроо салган: «Анан жогорудагы акмактарга дагы эмне керек?».

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. Керек болсо 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чара көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлектибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды. Тажадык», — деп жыйынтыкташкан алар.

Кайрылууну ким жазган?

Президентке даректелген кайрылуунун алдына маданияттын мыкты кызматкери Сонунбүбү Кадырова жана эстрада ырчысы Венера Пирматова кол койгон. Ошондой эле кыргыз эл акыны Менди Мамазаированын, эл артисти Шайгүл Алсеитованын, илимпоз Үмүт Култаеванын жана эмгек сиңирген артист Абаз Чикеевдин  ысымдары да аталган.

Бирок Мамазаирова фейсбук барагында бул катты көрбөгөнүн билдирди. Мамазаирова Сонунбү Кадырова ага чалып, «Туйгуналы Абдраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык, кол коюп бересизби» деп суранганын жазды.

Меңди Мамазаирова 

«Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегенмин, бирок, кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес», — деп түшүндүрдү Меңди Мамазаирова.

Ал эми Сонунбү Кадырова болсо айткандары бурмаланганын билдирди. Ошол эле кезде маданият ишмери Садыр Жапаровдун тарапташы болуп эсептелет. Ал фейсбук барагында дайыма президентке карата колдоо сөздөрүн айтып турат.

Саясий оюндар

Экс-депутат Ахматбек Келдибеков кайрылуунун авторлору сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү деп билдирди.

Акматбек Келдибеков

«Антпесе, бул кайрылуу жалган маалымат катары бааланышы керек. Ошондой эле далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдарды жоопко тартуу кажет. [...] Акылга сыйбас, элдин тынчтыгына, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган жалган маалымат ээлерин жана көшөгө артында турган кожоюндарын ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде жазалоону суранам», — деп жазды Келдибеков фейсбук барагында.

Анын айтымында, ал кайрылууга кол койгон айрым адамдар менен байланышканын, алар ага ал жерде Исмаил Исаковдун, Акматбек Келдибековдун жана Жылдызкан Жолдошованын ысымдары бар экенин билбегенин кабарлашкан.

«Ошондуктан бул шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы деп билем», — деп билдирди мурдагы депутат.