Парламенттик шайлоого дээрлик 600 млн сом сарпталат, анын көбү айлык маяна үчүн жумшалат

Бобордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого 592 млн 531 миң сом сарптала турганын маалымдады.

Аталган каражаттын эң көп бөлүгү — 339 млн 496 миң сом — аймактык шайлоо комиссияларына айлык маяна катары төлөнөт. БШКдан шайлоодо жалпысынан 31 миңден ашуун киши иштей турганын белгилешти.

  • 36 аймактык шайлоо комиссиясында — 540 кызматкер;
  • 2 435 участкалык шайлоо комиссиясында — 30 527 кызматкер;
  • 57 ТИМдин участкалары — 456 кызматкер.

Каражаттардын 235 млн сому шайлоого даярдык көрүү үчүн керектүү сатып алууларды жүргүзүүгө сарпталат. Мисалы, уюлдук байланыш үчүн, канцелярдык каражаттарды сатып алууга жана интернет менен камсыздоого.

Ошондой эле, Боршайком аталган каражаттарга бюллетень жана плакаттарды басып чыгарат, шайлоо тууралуу маалыматтарды ЖМКлар аркылуу жарыялайт жана санитардык каражаттарды сатып алат.

Мындар сырткары, калган 18 млн сом Тышкы иштер министрлигине берилет — алар чет жактагы кыргызстандыктардын шайлоого катышуу укугун камсыз кылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Техникалык колдоо адистеринин тобунун 600 кызматкерине жана автоматтыштырылган эсептөөчү урналардын 2 290 операторуна да маяна төлөйт. Ошондой эле шайлоо участокторунда коомдук тартипти камсыз кылган 4 942 милиция кызматкерине да акча төлөнөт.

Шайлоо кандай тартипте өтөт?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

*«Ачык тизме» же преференциялык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

Шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет: бирөө партия жана анын тизмесиндеги талапкерлерге, экинчиси бир мандаттуу округдардан талапкерлерге добуш берүү үчүн. Эгерде шайлоочу партияны белгилеп, бирок анын тизмесиндеги талапкерди тандабаса бюллетень жарактуу бойдон калат — добуш жалпы партияга берилет. Бюллетенде партиянын алгачкы 54 талапкерин тандоого болот.

Ал эми депутаттарды бир мандаттуу система менен шайлоо үчүн Кыргызстандын аймагы 36 округга бөлүндү. Округдардын тогузу Ош облусу жана Ош шаарына, жетөө Жалал-Абад облусуна, алтоо Чүй облусуна, төртөө Бишкек шаарына, Баткен жана Ысык-Көл облустарында үчтөн, Талас жана Нарын облустарында экиден берилген.