«Дөңгөлөктөрүнө ок атылды». Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташып бараткандар кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты айылынан Тажикстанга көмүрдү мыйзамсыз ташып бараткан эки унаанын айдоочулары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 17-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар аталган айылдан мыйзамсыз жүк ташып бараткан «Мерседес» жана «МАН» үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтоткон. Бирок айдоочулар баш ийбей, качып кетүүгө аракеттенген.

Аскерлер эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, акыры автоунаалардын дөңгөлөгүн атып токтотушкан.

Кармалгандар эч кандай уруксат кагазы жок 15 тонна көмүрдү алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда айдоочулар жана жүк тийиштүү органдарга өткөрүп берилди.

Кыргызстан 21-майдан тарта Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маалымдаган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек араны 28-апрелден 1-майга чейин созулган аскерий агрессиядан кийин жаап салган. Анда 36 кыргызстандык каза болгон — алардын ичинде жай тургундар, жаш балдар жана жоокерлер бар. Мындан сырткары тажик аскерлеринин аракеттеринен 140 турак үй өрттөнүп, 84 объект бузулган.