Кыргыз-тажик чек арасында кыймыл убактылуу токтотулду

Маалымат 25-майда саат 11:00дө жаңыртылды

Кыргызстан 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы маалымдады.

Ошондой эле, чек арадан товарлардын ташыган жүк ташуучу унаалардын жана башка транспорттун кыймылы «Кулунду-автожол», «Кайрагач-автожол», «Кызыл-Бел-автожол», «Бордобо-автожол», «Карамык-автожол» өткөрүү пунктары токтотулду.

Ал эми Кыргызстандын жана Тажикстандын, мындан сырткары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын тийиштүү органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин чек араны кесип өтө алышат. Ошол эле учурда эки тараптын тең жарандары өз өлкөлөрүнө өткөрмө пунктары аркылуу кайта алышат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 23-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолуккан учурда кыргыз-тажик чек арадасында чектөөлөр киргизилгендигин билдирген.

«Көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин Тажикстан менен мамлекеттик чек ара аркылуу кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү менен катар биз чектерибизди чыңдоо максатын коюудабыз», — деген Марипов.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.