Мамкурулуш: Бишкектин Тарых музейи 225 миң евро карыздын айынан ачылбай жатат

Бишкектеги Тарых музейи. Сүрөт: Ислам Розиев / Клооп

20-сентябрда парламенттин финансы боюнча комитетинин жыйынында Бишкектин Тарых музейин ачуу маселеси талкууланды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев жыйында депутат Бурул Аманованын суроосуна жооп берип жатып музей өлкө бийлиги немис компаниясына 225 миң евро карызын кутулгандан кийин ачыларын айтты.

«Ошол карызды бермейинче алар биз менен сүйлөшкүсү келбей жатат, бүгүнкү курс менен ал 23 млн 900 миң сом болот. Ошону которсок алар адистери менен келишет. Алар дүйнө жүзү боюнча иштеген компания экен. Алар келип, бүтпөй калган программаларын [баалоо] жүргүзүшөт», — деп түшүндүрдү Бөрүбаев.

Аманова статс-катчынын жообуна нааразы болуп, эмне себептен чет элдик компания менен келишим түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбаганына кызыкты.

Буга чейин маданият министринин орун басары Салтанат Аманова 16-сентябрдагы маалымат жыйынында музейдин ачылышы 2021-жылдын ноябрь айына пландалганын билдирген. Бирок анда Аманова 225 миң евро карыз тууралуу сөз кылган эмес.

Беш жылдан бери ачылбай турган Тарых музейи

Бишкектеги Тарых музейи жабык турганына беш жылдан ашты. Ал 2016-жылы эле реконструкцияга жабылган. Оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжонгон, бирок анын ачылышы улам-улам жылдырылып келет.

2016-жылы ноябрда имаратта өрт чыккан. Музейдин администрациясы жана өлкө бийлиги музейдин балансындагы 130 миңден ашуун экспонат бүтүн бойдон сакталып турганын айткан.

Бирок «Клооп» менен OCCRPнин журналисттери музейдин ички документтерине ылайык, бери дегенде 18 экспонат жарактан чыгып же өрттөлүп жок болгонун аныкташкан.

Дагы окуңуз: Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?

Музей жабык турган маалда маданият министрлиги менен өкмөттүн чиновниктери ал «баланча-түкүнчө күнү» ачылат деп көптөгөн убадаларды беришкен.

Мисалы, 2018-жылы январда музейге ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков барган. Анда музей 2018-жылдын март айында ачылары айтылган. Бирок ачылышы жылдырылган.

2018-жылдын 7-августунда Маданият министрлигинин Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиева музейдин ачылышы ошол жылдын 31-августунда Эмгемендүүлүк күнүнө карата ачыларын билдирген. Бирок айтылган убакытка чейин оңдоо иштери бүтпөй, анын ачылышы кайрадан жылдырылган.

Анан калса, 2018-жылдын жай айларында Башкы прокуратура Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иликтөө ишин баштаган. Кийин көзөмөл органы музейди реконструкциялоо менен Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу боюнча иштерди бир өндүрүшкө бириктирген.

Бул иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 200 млн сомдон ашык деп бааланган. Алты чиновникке коррупция боюнча айып тагылган. Алардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков дагы бар.

«Музей реконструкциялоо ишине байланыштуу иликтөөдөн улам жабылган. Кылмыш иши аягына чыга элек, ошондуктан качан ачылат так айта албайбыз», — деп жооп беришкен маданият министрлигинен журналисттерге 2019-жылдын апрель айында.

Ошол эле жылдын июлунда экс-министр Азамат Жамангулов «реконструкциядан кийин иштеп жаткан музейдин бардык программалык колдонмолорунун ачкычтары аны жасагандардын колунда экенин» билдирген.

Анда Жамангулов кыргыз тарап немис-жалданма фирмасына болжол менен 225 мин евро карыз экенин айткан. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында ал музей 2020-жылдын башында ачыларын айткан.

«Кылмыш ишинин алкагында биз аны [карызды] төлөй элекпиз. Төлөп берерибиз менен алар ачкычын беришет», — деген ал.

Андан бери 2021-жылдын алты айы өттү, бирок музей көрүүчүлөрү үчүн дагы деле жабык турат.