Тарых музейи менен ипподром боюнча кылмыш иштери бириктирилди — зыяндын өлчөмү 200 млн сом деп бааланды

Чолпон-Атадагы ипподром

Башкы прокуратура Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу териштирүүлөр менен Чолпон-Атадагы ат майданынын курулуш ишин бир кылмыш ишине бириктирди. Мамлекетке келтирилген зыянды 200 миллион сомдон ашуун деп бааланган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте билдиргендей, тергөө Тарых музейин реконструкциялоо менен Чолпон-Атадагы ат майданды куруу иштери боюнча мурдагы алты аткаминерге айып таккан.

Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Мира Карыбаева жана СМУ-3 жалданма курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдар Мендеев бар.

Жамшитовдун айтымында, тергөө бул эки долбоор боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы өлчөмүн 247 млн сом деп баалаган — музей боюнча 101,6 млн сом, ал эми ат майдан боюнча 145,9 млн сом.

Бул иште Мира Карыбаева айыпталуучу катары өтүп жаткандыгы тууралуу маалымат прессада үстүбүздөгү жылдын март айында эле пайда болгон, бирок ал кезде бул маалыматты Карыбаева өзү да, атайын кызматта да тастыктап же төгүндөбөй койгон.

Апрель айынын ортосунда Карыбаеванын кызы Айгерим Аширбекова Карыбаева музейдин реконструкциясынын «мазмундуу бөлүгүнө гана жооп берген» деп жазган фейсбукта.

«Ал чын эле 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, анын ата-энеси тарабынан 2008-жылы белекке берилген биздин жалгыз батирибиз конфискацияланышы мүмкүн. [...] Апам аябай тынчсызданып жатат. Жакында эле ал гипертониялык криз менен ооруканага жатып калган», — деп жазган ал.

Музейди реконструкциялоо жана ат майдандын курулушу

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеп турган. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын 31-августуна карата бүтүрүлөт деп пландалганы менен бүгүнкү күнгө чейин жабык бойдон турат.

2018-жылы майда «Ата Мекен» оппозициячыл партиясы реконструкциядан өткөн музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерисиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган.

Аны менен бирге УКМК Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушунун баасы кымбаттатылган деп маалымдаган. Анда мамлекетке келтирилген зыян 202 млн сомго бааланган эле.

Дүйнөлүк оюндарды өткөрүүнү Алмазбек Атамбаев демилгелеген. 2016-жылы бийлик Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу менен экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн инфраструктураны реконструкциялоого 1,5 млрд сом короткон — бул курулуш иштерин да Сапар Исаков тескеген.

Ал эми учурда камакта отурган Исаков 2018-жылы апрелде Кыргызстандын «жыргалчылыгы үчүн дайыма чынчыл иштегенин» билдирген. Ал коррупция боюнча өз дарегине тагылып жаткан айыптарды четке какканы менен сатып алуу жана тендер өткөрүүдө айрым ведомстволордо же жалданмачыларда кандайдыр бир эреже буузалар болушу мүмкүндүгүн эсептен чыгарган жок.

ТЕМА БОЮНЧА: