Улуу Британия Кыргызстанды саякаттоого кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды

Улуу Британиянын бийлиги Кыргызстанды COVID-19 пандемиясына байланыштуу саякаттап баруу үчүн кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтында айтылат.

Кыргызстан янтарь тизмесинде болгон. Бул Кыргызстандан Улуу Британияга келип жаткандар толугу менен вакцина алган болсо 10 күндүк карантинден бошотулат дегенди билдирет.

Мындай чечимди Улуу Британиянын ТИМи 17-сентябрда кабыл алганы айтылат. Ошол эле учурда, ведомство Кыргызстандын бийлиги элге Бишкек, Ош шаарларына, ошондой эле Чүй жана Ош облусуна сапарларды чектеп турууну сунуштаганын кошумчалаган.

Андан тышкары, Улуу Британиянын өкмөтү өз жарандарына Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына барууда этият болууну эскерткен. Алардын пикиринде, аталган аймактарда теракт болуу коркучу бар.

«Кагылышуулар кыргыз-тажик чек арасын бойлой катталышы мүмкүн. Буга чейинки окуяларда жай тургундар менен катар чек арачылар аралашып, айрым учурларда курал колдонулган.

Кыргыз-өзбек, кыргыз-казак чек арасында дагы маал маалы менен чырлуу окуялар болуп турат. Аймакта жаңжал чыгып, андан улам чек ара жабылып калуу коркунучу ар дайым бар», — деп билдирет ведомство.

Ошондой эле, Улуу Британиянын бийлиги Кыргызстанда кош жарандуулук кабыл алынбаганын баса белгиледи.

Августта Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус пандемиясы басаңдап калганын жарыялаган. Акыркы апталарда вирус жуктуруунун жаңы учурлары 100дөн аша элек.

Ошол эле кезде 6 млн калкы бар Кыргызстанда толугу менен болгону 565 миң адам вакцина алган.

Кайсы кагылышуу тууралуу сөз болуп жатат?

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.