Ош: 31 жаштагы киши бир тууган инисин бычактоого шектелип кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБнин басма сөз кызматы

Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну бир тууган инисин бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрда саат 07:00 чамаларында болгон. Анда укук коргоо органдарына калаадагы Манас-Ата кичи районунда бир туугандар ортосунда чыр чыкаканы тууралуу кабар келип түшкөн.

Жерине барган ыкчам тергөө тобу 31 жаштагы киши өзүнүн 28 жаштагы инисине бычак сайып, жабырлануучу көп кан жоготкондуктан окуя болгон жерде каза тапканын аныктаган.

«Шектүү өз көргөзмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгара бергендиктен, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып, ушул ишке баргандыгын айтты», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү Ош ШИИБнин тергөө кызматына жеткирилди.

Ушул сыяктуу окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катталган. Анда 43 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип, маркумдун кайниси кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, маркум шектүү менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү жездесин сабап өлтүргөнү кабарланган.