Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында эмнелерди сунуштады?

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасаганын билдирди. Сессия 21-сентябрда ачылган.

Ал өз видеокайрылуусунда негизги глобалдык маселелерден тышкары БУУга тыгыз кызматташтыкты дагы сунуштады. Баяндап беребиз.

БУУ жана Ооганстан тууралуу

Жапаровдун айтымында, республика Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланышту «тынчсызданып» жатат. Ал Кыргызстан 500 ооган студентине билим алууга мүмкүнчүлүк берүүгө, биринчи кезекте, Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин кайталады.

Жапаров БУУ Ооганстандагы мекемелерин эвакуациялап жатканын эске алып, аларды убактылуу Кыргызстанга жайгаштырууну дагы сунуштады.

«Ооганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялап жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм», — деп белгиледи ал.

Кыргызстандын президентинин айтымында, ал «Ооганстанда коомдук-саясий туруктуулук жана тартип тез арада орнооруна» ишенет.

Тема боюнча: Садыр Жапаров талибдер менен диалогго барууну жактайт

БУУнун Кеңештеринде мүчөлүк кылуу тууралуу

Жапаровдун айтымында, республика «жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга кызыкдар жана ар дайым даяр».

«Мындан улам, Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин көрсөттү. БУУга мүчө-мамлекеттерди шайлоодо бизди колдоого чакырам», — деди ал.

БУУнун адам укуктары боюнча Кеңеши — укук коргоо боюнча эл аралык эң башкы органдардын бири. Анын курамына 47 мамлекет кирет. Кеңеш дүйнө жүзү боюнча адам укуктары жаатында тематикага байланыштуу бардык маселелер менен жагдайларды талкуулап, өз сунуштамаларын чыгарат.

Кеңештин мүчөлөрү Башкы Ассамблеянын делегеттарынын түз купуя добуш берүүсү аркылуу көпчүлүк добуш менен үч жылга шайланат.

Ал эми БУУнун Коопсуздук Кеңеши эл аралык деңгээлде согуш жана тынчтык маселелерин карайт. Ал дүйнөгө кандай коркунучтар жаралып жатканын, тынчтыкты бузуу же агрессия актыларын аныктайт.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши эл аралык тынчтыкты сактоо үчүн кандай чараларды көрүү же кандай сунуштарды чыгаруу керектиги тууралуу чечимдерди кабыл алат. Ал 15 мамлекеттен куралган. Алардын ичинен бешөө — Кытай, Орус Федерациясы, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары жана Франция — бирикменин туруктуу мүчөлөрү.

Дагы 10 мамлекет Башкы Ассамблеянын делегеттарынын түз купуя добуш берүүсү аркылуу көпчүлүк добушу менен эки жылга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланат.

Чоң саммит тууралуу

Жапаровдун дагы бир сунушу — «өз ара кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгаруу» жана «коопсуздук менен өнүгүүнүн келечекке болгон биргелешкен планын белгилеп алуу максатында» Борбордук Азия – БУУ саммитин өткөрүү. Саммит Кыргызстандын жана аймактагы башка өлкөлөрдүн БУУга кошулганынын 30-жылдыгына арналат.

«Саммитти Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусу маалында уюштурууну сунуштайбыз. Урматтуу, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы жана Башкы катчысы, кийинки жылдын иш графигине катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырууңуздарды өтүнөм», — деп кайрылды ал.

Жапаров Кыргызстан «коңшулар менен көп кылымдык мамиледе ар дайым тең укуктуу диалогду жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты, бардык пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүнү жактап келет» деп белгиледи.