Садыр Жапаров талибдер менен диалогго барууну жактайт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун Дүйшөмбүдөгү саммитинде. Сүрөт: president.kg

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын саммитинде Ооганстандагы кырдаал боюнча позициясын белгилегенин кабарлады. Бир ай мурда бул өлкөдө АКШ жана анын союздаштарынын аскери чыгарылгандан кийин «Талибандын»* өкүлдөрү бийликке келген.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, Жапаров «ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди». Аймакта «теократикалык мамлекеттин калыптанышы» ушундай таасир берет.

Бирок Жапаров Кыргызстан Ооганстандын «ички иштерине кийлигишпөөнү» жана бул өлкө менен «достук мамилени колдоону» жактайт деп ишендирди.

Ал «Ооганстанда кырдаал тез арада турукташуусу» үчүн «жаңы бийликтин өкүлдөрү менен ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын» белгиледи.

«Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Ооганстандагы кыргыз элчилиги талибдер өлкөнү басып алгандан кийин ишин улантып, эвакуациядан баш тарткан. Бирок Кабулдагы элчиликтин жетекчилиги алмашкан: Садыр Жапаров 9-сентябрда Мирослав Ниязовду дипмиссиянын башчысы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Президенттик администрациянын маалыматына таянсак, Ниязов кызматтан «өз каалоосу менен» кеткен. Андан мурда Ниязоа интервью берип, Кыргызстандын бийлиги «Талибан» режиминин бийлигин тааныды деп айтууга «эрте» экенин билдирген болчу.

Бирок Кыргызстан «“Талибан” менен кандайдыр бир кызматташууга барууга аргасыз» деп айткан.

Буга чейин борборазия чөлкөмүнүн президенттери «Талибан» коркунучу маселесин талкуулашкан. Андан тышкары, Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы талибдерге байланышкан абал Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин билдирген. Атайын кызматтын төрагасынын айтымында, коркунучту алгач Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасын басып өтүп, андан соң Кыргызстандын аймагына кирип келүүчү качкындар жаратат.

«Биздин өлкөгө да коркунуч бар, себеби Өзбекстан жана Тажикстанга кирип келген качкындар жакынкы арада биздин аймакта да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу мындай коркунучтарга даярданып жатабыз», — деген Ташиев.