Баткен ОИИБи: Көк-Таш айылында тажик өспүрүмдөрү тарабынан төрт окуучу сабалды

Шайдулла Ганы атындагы мектеп. Сүрөт: Kloop

Баткен ОИИБи Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы мектебинин 8-классынын төрт окуучусу тажик өспүрүмдөрү тарабынан сабалганын маалымдады. Ошол эле маалда тажикстандыктар Көк-Таштын тургундары «эки окуучу менен бир кишиге себепсиз таш ыргыткан» деп билдиришти.

Милициянын маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Көк-Таш айылынын Назаров көчөсүндө окуучу балдар мектептен чыгып үйлөрүнө баратышкан. Ал учурда Тажикстандын Майский (Сомониён) айылынын 30дай 11-класстын окуучусу мектептен кайтышкан.

Эки тарап жол талаша кетишип, натыйжада төрт кыргызстандык окуучу ур-токмокко алынган. Жабырлануучулар түрдүү жаракаттар менен Баткен облустук ооруканасына жеткирилген. Алар медициналык жардам алгандан соң үйдөн дарыланууга чыгарылган.

Баткен райондук администрациясынан «Клоопко» балдар сабалгандан кийин алардын аталары жана туугандары эки тажик окуучусун жана алардын ата-энесин ур-токмокко алганын билдиришти. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлкайыр Эргешованын айтымында, бул окуядан соң эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгон.

Жерине Баткен районун акими Учкунбек Жоробаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолуккан.

«Жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузуучулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүүзүнү макулдашты», — деп билдиришти администрациядан.

Баткен РИИБи аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Жергиликтүү бийлик учурда абал туруктуу экенин, РИИБдин жетекчиси Алмаз Шагамурзаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Тажикстандын версиясы

Ал эми «Озоди» басылмасы Сомониён айылынын тургундарына таянып «Көк-Таш айылынын тургундары мектептен кайткан тажик балдарына таш ыргытканын» жазды. Маалыматка ылайык, «бир жаш бала жана чоң киши аймактык ооруканага жаткырылган». Ошондой эле тажикстандыктардын сабалганын Исфара шаарынын администрациясы да тастыктаган.

«Жабыркагандар шаардык оорукананын дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Кишинин мурду, тиштери сынган. Жаш баланын башы таш менен жарылган», — деп билдирди басылмага администрациянын кызматкери.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы ири жаңжал

28-апрелде тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылып, анын айынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк чыр куралдуу жаңжалга айланып, ок атуулардын кесепетинен 189 кыргыз жараны жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Тажик аскерлер Баткен районунан сырткары Лейлек районундагы айылдарга да кол салып, жалпысынан 140 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскерлери менен жарандарына «агрессивдүү согушту баштап жүргүзгөн» деген берене менен кылмыш ишин козгогон.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы