Кыргызстан «Талибан» менен мамиле түзүп баштады. Масадыков ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукту

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Бул тууралуу Ооганстан Ислам Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид твиттерде билдирди.

Жолугушуу 23-сентябрда Кабул шаарында өттү. Анда Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев да болгону айтылды. Кийин Масадыков Ооганстанга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барганы белгилүү болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз делегациясы «Кабулга Кыргызстандын элинин атынан Ооганстандын элине гуманитардык жардам жеткирип барган».

«Гуманитардык жүк Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттин сайтында Масадыков «Талибан» саясий канатынын лидери, талаа командири жана молдо Абдул Гани Барадар менен кеңири маектешкени дагы айтылат.

«Тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, Ооганстандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты», — деп билдирет кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Абдул Гани Барадар Жапаров жана Кыргызстан элине гумжардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

«Ал Ооганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Ооганстандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Абдул Гани Барадар «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү, коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстан Борбор Азияда «Талибдер» дайындаган өкмөт менен ушундай деңгээлде жолугушуу өткөргөн биринчи өлкө болду.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров республика Ооганстандын «ички иштерине кийлигишпөөнү» жана бул өлкө менен «достук мамилени колдоону» жактайт деп ишендирген. Ошондой эле, ал «Ооганстанда кырдаал тез арада турукташуусу» үчүн «жаңы бийликтин өкүлдөрү менен ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын» белгилеген.

«Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстан менен байланышты оңдоого Өзбекстан дагы аракет кылган. 14-сентябрда Өзбекстан Ооганстанга азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гумжардам жөнөткөн.

Ошондой эле, Орусия терроризм менен күрөшүүдө «Талибанды» колдоого даяр экенин билдиргени белгилүү болгон.