Парламенттик шайлоо: «Бүтүн Кыргызстан» коммунисттер менен биригет

Коммунисттер партиясы менен «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик шайлоого катышуу үчүн биригет — бул маалыматты партиянын өкүлдөрү Kaktus Media басылмасына тастыктады.

Бир жыл мурда «Биримдик» партиясында иштеген, учурда коммунисттердин өкүлү Амантур Манапбаевдин айтымында, партия «Бүтүн Кыргызстан» менен «бирдиктүү тарыхтын негизинде» бириккен. Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров партиялардын көз карашы дал келерин, башка саясий партиялар менен биригүү планы жок экенин билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» жана ко

«Бүтүн Кыргызстан» — электоратын көбөйтүү үчүн көп учурда башкалар менен бирикен партия. Мисалы, мындан он жылдан ашык убакыт мурда Мадумаров Мирослав Ниязов менен бириккен, ал эми партиянын мүчөлөрүнүн бири ырчы Бек Борбиев болгон. Борбиев азыркы убакта коррупцияга аралашканын мойнуна алган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп келет.

Кийин «Бүтүн Кыргызстан» Аскар Салымбеков жана анын «Эмгек» партиясы менен бириккен. Мадумаров менен Салымбеков тандеми тууралуу 2015-жылдын май айында жарыялаган, ал эми декабрда коалиция тарап кеткенин билдиришкен.

Бир жыл мурда партия Темир Сариев менен бириккен — бирок биригүү узакка созулган эмес. Көп өтпөй Сариев союздан чыкканын айтып, мындай кадамын жеке принциптери менен түшүндүргөн. Кийин Турсунбай Бакир уулу союздун курамынан чуулган менен чыгып, ал тургай партияны сотко берген. Бирок анда дагы «Бүтүн Кыргызстан» коммунисттердин башчысы Исхак Масалиев менен бир команда болуп калган. Исхак Масалиев — Кыргыз ССРнин Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин уулу.

Абсамат жана Исхак Масалиевдер

«Бүтүн Кыргызстан» 2006-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Бул убакыт аралыгында партия өзүн Кыргызстандагы бирден бир белгилүү, карт тарыхы бар, оппозициялык партия катары көрсөтүп келет. «Бүтүн Кыргызстан» 2010-2015-жылдарда парламенттик шайлоого катышкан. Бирок эки жолу тең парламентке барууга бир нече пайыз добуш жетпей калган. 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо партия парламенттен бир нече орунга ээ болмок, бирок өлкөдө бийлик алмашууга алып келген нааразылыктардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.