Банк тармагында иштебегенине 11 жыл болгон. Парламент Улуттук банктын төрагасын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына бекитти. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган болчу.

Буга чейин парламентарийлер башка кызматка дайындалганына байланыштуу Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан ыктыярдуу отставкасын кабыл алышкан.

Толкунбек Абдыгулов жана Кубанычбек Бөкөнтаев парламенттин 29-сентябрдагы отурумунда. Сүрөт: трансляциядан скриншот.

11 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүк

Эл өкүлү Самат Исманов акыркы жолу Бөкөнтаев «Кыргыз лотонун» директорунун орун басары катары мамкомпаниянын чыгашалуу экени тууралуу отчёт бергенин баса белгиледи.

«Сиз кичинекей мекемени жетектеп турганда 25 миллионго чыгаша болгондон кийин, Улуттук банкты башкарганга моралдык укугуңуз барбы?» — деп сурады депутат.

Бөкөнтаев «Кыргыз лото» ал барганга чейин эле чыгашасы көп компания болгонун, аны ошол көйгөйдүү чечүү үчүн дайындашканын айтып жооп берди.

Андан тышкары Исманов Бөкөнтаевдин банк тармагында иштебей калганына канча жыл болгонуна кызыкты.

Бөкөнтаев тыюу салынганына байланыштуу 11 жыл банк тармагына аралашпаганын айтты. Бул аралыкта ал чыгармачылык менен алектенип, анын ичинде аналитикалык макалаларды жазып жүргөн.

Кылмыш иштери тууралуу

Депутат Абдывахап Нурбаев ЖМКда Бөкөнтаевге карата бозгун президент Курманбек Бакиев бийликте тургандагы иш-аракеттери үчүн кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтар бар экенин белгиледи.

Бөкөнтаев кылмыштын белгилери жок экенине байланыштуу иш кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганда, ал банк секторунун стабилдүүлүгүнө жооп берген.

Кубанычбек Бөкөнтаев 29-сентябрда парламенттин жыйынында. Сүрөт: трансляциядан скриншот.

«2010-жылдын 7-апрелинде мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн башчылары бюджетте акча жок, Өнүктүрүү фонду таланып кеткен [...] деп билдиришти. Аманат салгандардын паникасынын алдын алуу үчүн жана иштин реалдуу абалын билгендиктен — чынында мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, Өнүктүрүү фондунда 220 млн доллардан ашык каражат бар болчу — мен бул тууралуу маалымат жыйында ачык айттым»,— деп билдирди Бөкөнтаев.

Анын айтымында, ушул окуядан кийин аны кызматтан бошотуп, Башкы прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Мен элге акча бар деп айткам, ушул сөзүм үчүн мага иш козгошту. Бир дагы коррупция фактысы болгон эмес. Мага козголгон кылмыш ишин кийин унутуп коюшту, укук коргоо органдары бири-бирине түрткүлөп бир топ жыл өттү. Кийин кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу кыскартылды», — деп билдирди Бөкөнтаев.

Анын айтымында, кылмыш иши үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында жабылган. Ал буга чейин соттор анын өтүнүчүнө реакция жасабай келгенин, ал эми октябрь окуясынан кийин жооп келгенин билдирди.

Андан тышкары, Улуттук банктын мурдагы башчысы Марат Алапаевге карата көрсөтмөлөрү бурмаланганын, тергөө жүргүзүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен алынганын билдирди.

Тема боюнча: Журналист Сыргак Абдылдаев: «Жашыруун» гриф менен Бакиевдерди актоо башталды

Жыйындын аягында Улуттук банктын төрагалыгына Бөкөнтаевдин талапкерлигин 76 депутат колдоду, 5 адам каршы болду.

Бөкөнтаев деген ким?

Кубанычбек Бөкөнтаев 52 жашта. Эмгек жолун Улуттук банктын валюта башкармалыгында экономист катары баштаган.

1998-жылдан тартып Кыргызстандагы коммерциялык банктарда түрдүү кызматтарды аркалаган. Ошондой эле «Экономика. Банктар. Бизнес» гезитинин башкы редактору дагы болгон.

2006-жылы Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул кызматта Бакиевдердин үй-бүлөсү качкан 2010-жылдын апрель революциясына чейин иштеген.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, 2010-жылдын сентябрь айында Башкы прокуратура Улуттук банктын мурдагы жетекчилигин «АзияУниверсалБанктан» (АУБ) акча чыгарып кетүүгө жана 3 миллиард сомдон ашык каражатты кымырып алууга айыптаган.

Улуттук банктын экс-төрагасы Марат Алапаев. Сүрөт: Tazabek

«Башпрокуратуранын маалыматына караганда Central Asian Stock Exchange компаниясынын президенти жана Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы жоопко тартылган.

АУБдан акча уурдоого катыштыгы бар башка адамдарга карата дагы айып тагылган. Анын ичинде Улуттук банктын экс-төрагасы Марат Алапаев, анын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев, АУБдун директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель дагы бар», — деп билдиришкен анда көзөмөл органдан.

Ошондой эле, 24.kg нин маалыматына таянсак, Бөкөнтаев Бакиевдер тарабынан 220 миллион орусиялык кредитти кымыруу жана «Ысык-Көл» Инвестициялык банкын мыйзамсыз басып алууга аралашуу иштери боюнча да айыпталган.

Башпрокуратуранын версиясы боюнча, Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев жана анын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев «Ысык-Көл» банкынын директорлор кеңешинин билдирүүсүн көз жаздымда калтырган.

«Натыйжада алар Улуттук банк жөнүндө мыйзамды бузушкан жана эскертүү чараларын жана санкция колдонуунун ордуна “акционер-рейдерлердин кылмыштуу аракетин аягына чыгарууга көмөктөшкөн”», — деп жазат 24.kg басылмасы.

Бул иш боюнча Алапаев 25 жылга эркинен ажыратылган. Бирок жакында эле Жогорку сот Марат Алапаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Анда Алапаев «Ысык-Көл инвест банкты» бозгун президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге басып алууга айыпталган болчу.

Жарыяланган соттун токтомунда Бөкөнтаев жана Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Самат Конокбаев 2010-жылы аларды Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын айтып беришкен.

Анда соттун токтомун журналист Сыргак Абдылдаев жарыялаган. Аны менен катар Абдылдаев Кыргызстанда «жашыруун» гриф менен Бакиевдердин үй-бүлөсүн актоо башталганын божомолдогон.

Кийин Жогорку сот Курманбек Бакиевдин жакындарын актоо тууралуу журналисттин айткандарын төгүндөп, кайра кароо Алапаевге гана тиешелүү экенин билдирген.

2010-2012-жылдары Бөкөнтаев Депозиттерди коргоо агенттинин директорлор кеңешин жетектеген. Ал эми 2016-жылдан кийин ал «Кыргыз лото» мамлекеттик лоторея компаниясынын директорунун орун басары болуп дайындалган.