2009-жылы кол салууга кабылган журналист (ага 21 жолу бычак сайылган) Сыргак Абдылдаев Кыргызстанда бозгун президент Курманбек Бакиевди «жашыруун» гриф менен реабилитациялоо башталганын билдирди.

Бул тууралуу Абдылдаев фейсбук барагына жазды. Билдирүү менен катар ал сот органдарынын документтерин тиркеген.

Анын айтымында, Бакиевдердин* мурдагы адвокаты Александр Мощин Жогорку соттон Бакиевдер тарабынан 220 миллион доллар орус кредитинин уурдап жок кылынышы жана «Ысык-Көл Инвестициялык банкын» мыйзамсыз басып алууга катышуу боюнча кылмыш иштерин кайра карап, соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

*Александр Мощин Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты болуп иштегени менен эле эмес, президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун өкүлү да болгону менен таанымал.

«Натыйжада Жогорку сот мурдарак Бакиевдин түздөн-түз тапшырмасы менен Ысык-Көл банкын рейдерлик кылганын мойнуна алып көрсөтмө берген Улуттук банктын мурдагы бакиевчил төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан сот өкүмүн жокко чыгаруу чечимин чыгарган», — деп жазды Абдылдаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Алапаевди 2017-жылы эле күнөөлүү деп тапкан. Анда ал мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Журналист бул кылмыш иши боюнча Максим жана Жаныш Бакиевдер өтүп жатканын белгиледи.

«Экономикалык иштерден сырткары, азыр жашыруун түрдө 2020-жылдын апрелиндеги ок атуу, Медет Садыркулов менен Сергей Слепченкону буйрутма менен өлтүрүү боюнча кылмыш иштери жашыруун кайра каралып жатат», — деп билдирди Абдылдаев.

Журналист жарыялаган Жогорку соттун токтомунда ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу Мощиндин арызы 2021-жылдын 18-августунда канааттандырылганы айтылат.

Жогорку сот эмне деп жооп берди?

Жогорку соттун басма сөз кызматы Марат Алапаевдин иши 18-августта сот коллегиясынын чечими менен сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго жөнөтүлгөнүн тастыктады. Ал эми Бишкектин Октябрь райсотунун 2015-жылкы өкүмдөрү жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2016-жылкы өкүмү жокко чыккан.

«Муну менен бирге кылмыш иши ачык сот жыйынында каралганын жана “жашыруун” грифи делген иштерге карабасын, иштин башка фигуранттарына карата дагы сот актылары кайра каралбаганын белгилейбиз», — деп билдиришти соттон.

Бакиевдер Кыргызстанга кайтып келе турганы Садыр Жапаров президент боло электе эле айтыла баштаган. Анын үстүнө Жапаров өзү дагы Ош облусунда үгүт кампаниясы учурунда эгерде «көпчүлүк эл кечирсе» бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кайтарып келерин билдирген болчу.

Натыйжада бозгун президенттердин бири — Аскар Акаев — 2021-жылдын 2-августунда Кыргызстанга кайтып келген, бирок аз эле убакытка келип кеткен. Анын мекенине келүүсү «Кумтөрдөгү» коррупция ишине байланыштуу болгон. Ал келген күнү дароо УКМКга жеткирилип, көрсөтмө берип, ал тургай тергөөгө жардам берүүгө макул болгон. Бир жумадан кийин ал кайра Москвага учуп кеткен.

Бакиевдердин качкын кланы

Бакиевдердин кланы чет өлкөдө байманалуу жашайт. Курманбек Бакиев Белорусту байырлаганына 10 жыл болду — ал үй-бүлөсү менен 2010-жылы, бийликтен кулагандан кийин чыгып кеткен. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Курманбек Бакиев сырынан 30 жылга эркинен ажыратылып, издөөгө жарыяланган. Иниси Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, ал эми уулу Максим — мүлкүн кофискациялоо менен сыртынан 25 жылга кесилген.

Бул сыртынан чыгарылган өкүмдөр бир тууган Бакиевдердин Белоруста кең-кесир жашап, бизнес менен алектенүүсүнө эч кандай терс таасирин тийгизген эмес. Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт — ал Суррей графтыгында хан сарайга ээлик кылат.

Белоруска анын башка туугандары да чыгып кетишкен — мурдагы өлкө башчысынын бир тууганынын уулу Асылбек Салиев менен небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.

Курманбек Бакиев алгач президенттин «Плавно» резиденциясында жашап жүргөн, кийин Минск шаарынын элиталуу району «Дроздыга» көчүп кеткен. Ал эми 2017-жылы Минсктин «Лебяжий» районунда үй куруп бүткөнү белгилүү болгон.

Ал эми 2020-жылы июлда Лукашенко Бакиевге 70 сотых жерди «өмүр бою ээлик кылуу үчүн мурас катары» бергени белгилүү болгон — бул «Заславль-2» президенттин резиденциясынан анча алыс эмес аймактагы 45 сотых жана ортодогу 25 сотых жер.

Бакиев, анын бир туугандары жана башка жакындары төмөнкү кылмыштарга айыпталышкан:

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.