Жалал-Абаддын тургуну «аны атып кеткендер» эркиндикте жүргөнүн айтып УКМКга кайрылды

2020-жылдын декабрь айы. Ортодо ишкер Искендер Хамракулов, эки четте аны атты делген Камил Давузов жана Нурлан Мырзабеков. Сүрөттөр "Азаттыктын" сюжетинен алынды. 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ишкерлик кылган Искендер Хамракулов аны үйүнүн жанынан «атып кеткен» топ кишилер эркиндикте жүргөнүн айтып нааразы болууда. Ал 27-сентябрда үй-бүлөсү менен өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып шектүүлөрдү камоону, УКМК ишти өз көзөмөлүнө алуусун талап кылды.

Окуя кандай болгон?

Ишкер кафе иштетип бизнес кылат. Анын айтымында, өткөн жылдын 3-ноябрында аны «Элдар Осмонов, Канатбек Сыдыгалиев, Камил Давузов, Нурлан Мырзабеков, Азиз Камчыбеков аттуу кишилер өз үйүнүн жанынан бутуна атып кетишкен».

Хамракулов «Клоопко» билдиргендей, аталган кишилердин бул ишке баруусуна анын алардын үстүнөн милицияга арыз жазганы себеп болгон — «анткени алар көмүр карьерине инвестор болууну сунуштап андан чоң суммадагы акча алышкан» дейт ишкер.

«Мени аткандардын баарын тааныйм. “Көмүр шахта ачабыз” деп менден 57 миң АКШ доллар акчаны алдап алышкан. Иштин дайыны жок, мени алдап жатышканын кийин түшүнүп, тийиштүү органдарга арыз жаздым. Анан түндө үйгө келип, мени сыртка чакырышты. Эшикке чыккандан кийин ар кандай сөздөр менен коркута башташты. Ортодо пикир келишпестик чыгып, уруша кеттик. Мен үйдү көздөй артка кайрылганда атышты, андан кийинкиси эсимде жок», — дейт ал.

Жабырлануучунун аялы жана коңшулары аны райондук ооруканага алып барган, бирок жарааты оор болгондуктан аны дарыгерлер Ош шаардык ооруканасына жиберишкен.

«Беш жолу оор операция жасалды. Эми дагы бир жолу операция болмок бирок жүрөгү көтөрө албайт экен», — дейт ишкердин жубайы Диана Исманова.

Диана Исманова. Сүрөт: Дилде Шатанова/Kloop

«Милиция акчага сатылып бүткөн»

Хамракулов өзү ооруканада биринчи операция жасалгандан соң аны туугандары милицияга көтөрүп алып барып, шектүүлөрдүн үстүнөн арыз жазганын айтат. Бирок алар «күбө катары гана суралып коё берилген» дейт.

Ал учурда «шектүүлөр жана милиция кызматкерлери аны коркутуп жатканын» айтып даттанды. Мындан улам ал УКМК ишти өз кароосуна алуусун талап кылды.

«Алар мени атканы аз келгенсип “аялыңды, апаңды, балдарыңды өлтүрөбүз” деп коркутуп жатышат. Шектүүлөр мектепте окуган баламдын дагы мектебине барып, ар кандай сөздөрдү айтып коркутушкан. Алтургай милиция кызматкерлери дагы балама ар кандай жаман сөздөрдү айтып коркутушкан. Азыр үй-бүлөм эшикке чыкканга кооптуу болуп калды. Мен ИИМге ишенбейм. Себеби милиция кызматкерлеринин баары акчага сатылып бүткөн», — деди ал.

Искендер Хамракулов. Сүрөт: Дилде Шатанова/Kloop

Экинчи тараптын версиясы

Хамракуловду аткан делген Камил Давузов жана Нурлан Мырзабеков өткөн жылдын декабрь айында «Азаттыкка» маек куруп, айыптоолорду четке кагышкан. Алар тескерисинче Хамракулов «көмүр карьерин казууга лицензия алып берүүнү убадалап 57 миң АКШ долларын алган» дешет. Ошондой эле алар «окуя болгон күнү Сузакта болгон эмеспиз» деп айтышкан.

«Лицензияны эки күндө бүтүрүп берүүнү убадалап бизден акча алган. Арадан үч ай өтүп кетти, акчаны бербей бизге ар кандай шылтоолорду айтып жатты. Биз Искендер менен 2-ноябрда жолукканбыз. Анда ал “бүгүн саат беште апам акча алып келип берет” деп айткан. Бирок ошол бойдон бизди алдап качып кетти. Түнкү 12де чалсам “байкемден 200 миң рубль акча сурадым ошону берем” деди. Бизде ал акча эч нерсени чечпейт. 3-ноябрда мен Шамалды-Сайга кеткем», — деген Нурбек Мырзабеков.

Камиль Давузов болсо ишкердин алардын үстүнөн жазган арызын «алган акчасын кайтарбоонун амалы» деп божомолдогон.

«Видео жазуулар бар, эч кандай коркуткан эмеспиз. Акыркы жолу 2-ноябрда качып кеткенде, бизден алган акчаны кайтарып берүүсүн суранганбыз [...] Искендер бизден башка да көп жарандарды алдап жүргөнүн уктук [...] Үй-бүлөсү менен кесипкөй алдамчылар экен», — деген Давузов.

Милиция эмне дейт?

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» бул ишти ИИМдин түштүк аймактык башкармалыгы тергегенин, бирок ал жоюлуп кетип иш ОИИБге жакында гана өткөрүлгөнүн айтышты.

Алар Хамракуловдун «милиция коркутуп жатат» деп айткандарын четке кагып, башка маалымат берүүдөн баш тартышты.

Аталган факт «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен катталып, тергөө уланып жатат.

Редактору: Айбике Адилет кызы