Жалал-Абад: Чычкан дарыясына автоунаа оодарылып, бир аял каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 2-октябрда «Хонда Одиссей» унаасы Чычкан дарыясына оодарылып кетип бир аял каза тапты. Дагы бир аял жаракат алып ооруканага жеткирилди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек- Ош унаа жолунун 264-чакырымында катталган. Анда «Хонда Одиссейдин» айдоочусу дарыяга рулду башкара албай калгандыктан кулаган.

Кырсык болгон жерге Токтогул райондук №97 ӨКБдан беш куткаруучу тартылып, унаанын ичинен каза болгон аялдын сөөгүн жана жабыркаган аялды чыгарышкан.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда катталган. Анда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылындагы Тар дарыясына «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.

Унаада жалпы беш адам болгон — алардын экөө куткарылып, үч адам сууга агып кеткен. Алардын арасында төрт жашар наристе дагы болгон.

Куткаруучулар сууга агып кеткен эки аялдын сөөгүн эки күндөн кийин табышкан. Ал эми наристенин сөөгүн 13-июлда Кара-Таш айылынын жергиликтүү тургундары табышкан.