Кара-Кулжа: Тар дарыясына автоунаа түшүп кетип, үч адам дайынсыз болууда

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында 24-июнда Тар дарыясына Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада жалпы беш адам болгон, алардын экөө куткарылып, үч адам табыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай Асыран-Бий көпүрөсүнөн дарыяга кулаган.

Автоунаанын 41 жаштагы айдоочусу жана 13 жаштагы кыз куткарылып калган. Ал эми 37 жаштагы аял, 28 жаштагы киши жана төрт жашар наристе дайынсыз болууда.

Сууга агып кеткендерди издөө иш-чарасына ӨКМнин 25 куткаруучу, ИИМден 35 кызматкер жана жергиликтүү 50 адам тартылган.